Өзгөн районуна караштуу Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн Кысык-Алма айылын борбордук бөлүк менен байланыштырган жолго жер көчкү түштү. Жер көчкү бүгүн эртең менен түшкөн.
"Жол жабылып калып, бир нече унаа өтө албай, тыгында турат. Айыл эли тиричиликке керектүүлөрүн ушул жол аркылуу Өзгөн, Куршабга каттап алып келишчү. Бактыга жараша кырсыктан жабыркагандар жок", - дейт окурман. Ошондой эле ал көчкү толук түшүп бүтпөгөнүн, дагы кайталануу коркунучу бар экенин кошумчалады.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.