"Бишкектеги №120-бала бакчада тарбиячыдан балдарга кургак учук жукту" деген маалымат жалган экенин Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгы кабарлайт. Текшерүүдөн өткөн 31 баладан аталган оорунун вирустары табылган жок, ал эми 11 бала фтизиатрдын текшерүүсүнөн өтүп, алардан дагы илдеттин белгилери байкалган эмес. Ошондой эле 20 кызматкер флюорографиялык текшерүүдөн өткөрүлгөн. Ал эми кызматкерди жумушка медициналык текшерүүсү жок алгандыгы үчүн аталган бала бакчанын жетекчиси Г.И.Суслова кызматынан четтетилгени белгилүү болду. Учурда дарыгерлер аталган бала бакчада текшерүү жана байкоо иштерин жүргүзүп жатышат. Эске сала кетсек, май айынын башында аталган бала бакчада тарбиячы кургак учук менен ооруп, 20 балага илдетти жуктурганы тууралуу маалымат тараган.