Осмонбек Артыкбаев: "Кумтөрдүн" жетекчилиги эч кандай жоопкерчиликсиз иш жүргүзүүдө"

"Кумтөр" ишканасынын жетекчилиги жоопкерчиликсиз иш жүргүзүүдө". Бул тууралуу аталган алтын кениндеги бош кыртыштардын жылышын изилдөө боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү бүгүн, 7-майда журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди. “Кумтөр” кениндеги кырдаал өнөр жай-техногендик авария катары мүнөздөлөт. Авариянын себеби - “Кумтөрдүн” жетекчилери эч кандай жоопкерчиликсиз иш алып барганында. Мындан улам комиссия изилдөө иштерин улантат. Учурда жаңы комиссия түзүлдү. Алардын ичинде 15ке жакын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдардын кызматкерлери бар. Алар 8-майда карала турган маселелер тууралуу тааныштырат”,- деди комиссиянын жетекчиси Осмонбек Артыкбаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан