ЭЛДИК КАБАР: Окурман: "Бишкектеги бала бакчалардын биринде жаан жааган сайын эшигинин алдынан өтө албай калабыз"

"Бишкек шаарындагы Жал кичи районундагы №185-мектепке чейинки билим берүү мекемесинин эшигинин алды каралбай турат. Жаан жааган сайын көлчүктөн өтө албай, балдарыбызды көтөрүп өтөбүз. Көлчүктүн ортосуна таш коюп коюшат. Кезектешип ошол ташты басып, тосмонун торун кармап алып аттайбыз. Балдардын буттары суу болот. Баласын көтөрүп өтүп бараткан ата-эне эгер таштан буту тайып кетсе көлчүккө кулачудай. Жетекчилиги көңүл бурса дейбиз", - дейт окурман.

Мекеме шаардык мэриянын билим берүү башкармалыгына карайт.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
abusait
2017-04-06 14:01:43
Эн туура проблема! Баардык бала бакчалардын алдылары ушундай балчык ангыл донгул. Качан ондошот бир куда билет ..
-3
gulza82
2017-04-06 14:45:02
Бала-бакчанын директору жооп бериши керек... Кум же шагыл токтуруп, караш керек!
+3
gulza82
2017-04-06 14:47:40
Ар бир мекеме,кенсе же иш-каналар озунун айланасын карап...адамдарга шарт тузуп бериш керек!
+3
Mr.enriiko
2017-04-06 17:28:45
Мен кызымды которгонум тартыптыр калыптырго
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан