Бишкектин Манасчы Сагымбай көчөсүндө курулуп жаткан имарат мыйзамга жооп бербестигин аталган көчөнүн тургундары депутаттар Асия Сасыкбаева жана Наталья Никитенко менен болгон жолугушууда билдиришти. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы кабарлайт. Аталган көчөнүн тургуну Маргарита Карихтин айтымында, эң эле коркунучтуусу, жаңы курулуп жаткан имараттын жер төлөсү аталган үйгө өтө жакын жерден казылган. “Курулуш иштери башталгандан бери бизде тынчтык жок, жашоого мүмкүн болбой калды”,- дейт ал. Жергиликтүү жашоочулар имараттын курулушун токтотуу талабы менен сотко чейин кайрылышкан. Сот “имараттын курулушу токтотулсун” деген чечим чыгарса да, курулуш иштери дагы деле уланууда. Бул боюнча экологиялык инспекция дагы "бак-дарактарды кыйганга болбойт" деген корутунду берген. Ал эми депутат Асия Сасыкбаева бул иш боюнча Башкы прокуратурага кайрыларын айтты. Анын пикиринде, кокус жер титиресе, курулуп жаткан имараттын жанындагы үйлөр зыянга учурабайт деп эч ким кепилдик бере албайт.