"Мисс Кыргызстан-2013" сулуулар сынагына 33 кыз катышат

“Мисс Кыргызстан-2013” сулуулар сынагынын тандоо турунан 33 кыз өттү, эми алар баш байге үчүн ат салышат. Айтылгандай, бул сынак өлкөдө 3-жолу өткөрүлүп жатат. Былтыркы жылдагы кемчиликтерди эске алып, бул ирет сынак жогорку деңгээлде өтө турганын айтышууда уюштуруучулар. Катышуучулар улуттук, кече, коктейль көйнөктөрү жана сууга түшүүчү кийимдери аркылуу жарышат. Мындан жеңүүчү деп табылган пери “Дүйнө периси” сынагына катышууга укук алат. Ал эми 2-орунду алган сулуу “Miss International”, 3-орунду ээлеген кыз “Miss Continental” сынактарына катышмакчы. Айта кетсек, “Мисс Кыргызстан-2013” сулуулар сынагы 12-майда борбордогу ресторандардын биринде өтөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KAREGLAZAYA_VOLCHICA
2013-05-07 16:33:43
Хм а мисс дебей эле Кыргызстан периси десе болбойбу:D
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан