3-апрелде Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы метродо болгон жардыруудан каза тапкандардын элесине арнап, кыргыз мекендештер бүгүн гүл коюшту.
"Москва шаарындагы "Кызыл аянттын" жанындагы Александров сейил багына тургузулган "Ленинград" постаментине гүлчамбар койдук. Ошондой эле Москвадагы Санкт-Петербург шаарынын өкүлчүлүгүнө барып, эскерүү китебине жазуу калтырдык. Иш-чараны Орусиядагы Кыргыз диаспорасы демилгеледи", - дейт окурман.
Эскерте кетсек, 3-апрель куну Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы метродо жардыруу орун алып, 14 адам каза болгон.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.