ЭЛДИК КАБАР: Сокулук районуна караштуу Жаңы-Пахта айылы клубга муктаж

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Жаңы-Пахта айылы маданий иш-чаралар уюштурула турган клубга муктаж. Бул тууралуу "Элдик кабарга" окурман билдирди.

"Айылдык клуб өрттөнүп кеткен. Клубдун күйгөн калдыгы жөн эле орун ээлеп турат. Ордуна же жаңысы курулбай, же башка керектүү объект курулбай турат. Майрамдык иш-чаралар уюштурулганда мектептин ичиндеги спорт залда өткөрөбүз.

Азыр күйгөн имараттын алдына жаңы базар ачылган. Сатуучулар товарларын анын айланасына жайып алышат. Базар ачылганы деле жакшы болду, керектүүлөрүбүздү алыш үчүн шаарга барып отурбайбыз. Ошентсе да клуб жайгашкан тилкенин элге пайдасы тийбей, бош турганы жагымсыз", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rozhulun
2017-04-06 19:04:45
Клубдун ордуна мечит кургула
0
Birimdik5555
2017-04-07 02:27:32
Эээ бизде деле Кара-Сууда аябай коп айылдар клубка муктаж. Мачак,Каарман,эки Маданият,Каленин,Кызыл-Сарай,Кызыл-Кошчу,Октябрь дегендей
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан