"Кыргызстан сулуусу-2017" сынагынын катышуучусу аны финалга катыштырбай койгонун айтып чыкты

"Кыргызстан сулуусу-2017" сынагынын катышуучусу Алтынай Абдымомунова аны сынактын финалына катыштырбай койгонун бүгүн, 6-апрелде SUPER.KG`ге билдирди.

21 жаштагы Алтынай Абдымомунова Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде окуйт, өткөн жылы да сулуулар сынагына катышкан. Бул жылы "Кыргызстан сулуусу-2017" сынагына катышып, өзүн сынап көрүүнү чечкен. Бирок сынак эртең болот деген күнү уюштуруучу финалга катышпаарын айткан.

"Ал күнү мен бий тапшырмасына тиктирген формамды башка көйнөктөрүмдү алып, чач жасалга, макияж жасатып даярданып келгем. Атайын даярдалган күзөтчү мени ичкериге киргизбей койду. Эмне үчүн киргизбей жатканын түшүндүргөн да жок. Көрсө, мени "кара тизмеге" киргизип коюшуптур. Ыйлап, Таттыбүбүнү (сынактын уюштуруучусу Таттыбүбү Самидин кызы) чакырттым. Сынак ортолоп калганда ал чыгып, мага кыйкырып, адепке сыйбаган жорук көрсөтүп кирип кетти.

Мен ал сынакка канча даярданып, көп акча каражатын, эмгек, убакыт короттум. Анын баарын ата-энем төлөгөн. Алардын алдында уятка калдым", - дейт А. Абдымомунова.

Ошондой эле ал сынактын билеттерин ар бир катышуучу сатышы зарылдыгын, 4 күн калганда 30 билетти саткыла деп бергенин айтат. Бирок мындай нерсе келишимде көрсөтүлгөн эмес.

"Таттыбүбү 1-апрелде 500 сомдон саткыла деп 30 даана билет берип, "ким сата албаса, сынакка кирбейт" деди. Менде анын "катышуучу өз чөнтөгүнөн билеттин акчасын берсин" деп айтканы жазылган запись сакталуу. Мен аз эле билет сатканга жетиштим. Катышуучулардын көбүнчөсү баарын сата алышкан жок, бирок уюштуруучу мени гана катыштырбай койду", - дейт.

Бул окуя боюнча экинчи тарап болгон уюштуруучуларга байланышуу аракетин кылдык. Мүмкүнчүлүк жаралса экинчи тараптын оюн да угуп жарыялоого даярбыз.

Белгилей кетсек, жогоруда айтылган сынактын финалында Бегимай Карыбекова "Кыргызстан сулуусу-2017" аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (36)
Jyrgal_msk
2017-04-06 22:08:32
Катышпай калганына суйун карындашым.Ата-энен да куноо кылганына акча жумшабасын.
+6
ekaterinburg
2017-04-06 22:29:35
Оббоооо,ай эл-журт!?Эмне эле болуп атасынар?Катышса койсо озу билет да.Силерге эмне?Тообо эй...Жашоодо озунун ордун издеп атат бул байкуш кыз деле,жон койгула.Негативдуу коммент жазгандарга айтам,эмне кереги бар ушинтип жазып.Эмне кылаарын билбей Супер-инфого жазды да ал байкуш дагы,кеп-кенешинерди угайын деп.Кеп-кенешти айткандын ордуна табалайсынар!Кенешинерди бергиле,бере албайсынарбы,анда жаман да айтпагыла!Кызга айтаарым,юрист,адвокаттардан консультация алып кор.
+5
zevs
2017-04-06 22:57:12
ekaterinburg,ozu bilse emne internetke reklama kiat. Juri tuura kilat kim kaalasan owonu katywtirat mende biylik bolso menda owondoy kylmakmyn. Azyr baary ele owondoygo
-5
Ma9
2017-04-06 22:30:01
Далилин бар экен арыз жаз жазасын алсын
+6
ekaterinburg
2017-04-06 22:31:52
Келишим тузгон болсонор,ошол келишимдин негизинде туз эле сотко берсен болот!
+6
ai_altyn
2017-04-07 03:17:11
ekaterinburg, ооба да
0
Salman.eldar
2017-04-06 23:01:06
это не законно! арызыны жаз, эртээрэк пока кеч болуп кете электе. не реально да, издевательство бул. Бул Таттыбубу озу жакшы кыз эмес экенин угуп жургом, уйлоном деген жигити да, отказ берип коюптур журуш турушун угуп.
+3
mentol
2017-04-07 02:09:21
Salman.eldar, иий кой, жазчы дагы)))?
-1
Polumna
2017-04-06 23:08:27
Просто акча жасамай да. Атайын ушундай сулуу кыздарды жолдон алып коюшат да. Уюштуруучунун акмакчылыгы жана жоопкерчиликсиздиги. Уяты жок неме да. булар билетти сатууга милдеттүү эмес.
+6
Makain
2017-04-06 23:15:16
Эми буга да АША куноолу деп шек келтиргин келип турат ээ.
+3
cholpon119966
2017-04-06 23:37:45
Чын эле обидно да! Тийиштуу жерге кайрыл чара корушсун тиги да жазасын алсын болбосо кайталана берет мындай корунуштор.
+4
Bubu88
2017-04-06 23:53:49
Сени Кудайым колдоптур катыштырбай эми тигиден акчанды өндүрүп алып сулуу пулуусу жок жөн эле жаша сени сайттан кыргыз элинин жарымы көрдү сулуу экенинди сайттан көрбөгөндор көчөдөн көрүп алышат антип дене мучонду көрсөтүп сулуу кыз болгондон көрө жөнөкөй эле кыргыздын сулуу кызы болуп жүрө бер бактылуу бол
+2
KIRA.
2017-04-07 00:36:53
эмне дешти да билбейсин,косяк кетирген го,болбосо уюштуруучу ненормальный,башка соз жок,ызы-чуу
-2
Birimdik5555
2017-04-07 02:16:06
Женуучу болгон Бегимайдан пара алса керек да,сотко берсен ошол паранын баарын толоп отуруп калат
+3
escape
2017-04-07 07:21:26
Садаган кетейин андан коро китеп окуп,билиминди терендетсен, сулуулугун эч пайда келтирбейт Кыргызстанга
Билим алсан пайда келиши мумкун.
+2
general2030
2017-04-07 09:21:34
сынактын уюштуруучусу Таттыбүбү Самидин кызы камак керек!!! Мамлекеттик денгээлде отуучу бул конкурсту бизнеси кылып озу каалагандай откоруптур, тиешелуу кызматтар карагыла, ал эми маданият министирлиги каякты карап олтурат, алар эмне иш аткарат, ушуга окшогон иш чараларды откоруп, козомолодош керек да!!! Болбойт токтоткула, бул конкурсту отподу деп эсептоо керек
+2
legion-arbat
2017-04-07 09:37:33
Катышсан эле сен утчудай жазыпсынго.
-1
mirbek2211
2017-04-07 12:14:23
Тигил Таттыбүбү дегенинерге көөп сөз жазгым келдиии. БАНга кирип кетким келбедида. Аман болсун башка сөз жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан