Бүгүн, 7-апрелде "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялардын 7 жылдыгын эскерүү иш-чарасы өтүп жатат. Ага катышуу үчүн коомдук-саясий ишмерлер, Апрель окуяларынын катышуучулары, курман болгондордун туугандары келишти.
Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева Элдик Апрель революциясынын баатырларынын мүрзөсүнө гүлчамбарларды коюшту. Андан соң шейит кеткендерге багышталып куран окулду.
Адилет Карасартовдун апасы көзүнө жаш алып "Бийлик балдарыбыздын каны менен келген жакшы турмушту мындан ары дагы өнүктүрсө, аны эл дагы колдосо", - дейт.
Айкөл Токтогонова Апрель Элдик Революциясында күйөө баласы кайтыш болгонун айтты. "Андан кийин 2012-жылы кызым эки баласын багам деп жүрүп автобус сүзүп кетип каза болду. 35 жашта эле. Экинчи 7-апрель кайталанбасын. Тынччылык болсун! Энелердин жүрөгү оорубасын дейт элем", - деди.
Апрель окуясынын катышуучусу Абдыкалык Абдыкаимов: "Биз революциянын максатына жетип жатабыз деп ойлойм. 2010-жылга чейинки жылдарга салыштырмалуу 40-45 пайызга жакшы жакка өнүктү. 7-апрель өлкө үчүн өнүгүүнүн башаты десек болот. Биз Кыргыз жеринин өнүгүшү үчүн, коррупция болбой, демократиялык мамлекет болсун үчүн чыкканбыз", - деди.