Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын 4-сессиясы оркестрдын коштоосу менен жыйынтыкталды. Жыйында опера ырчысы Айбек Саралаев мамлекеттик гимнди аткарып, эл өкүлдөрү жайкы эс алууга тарап кетишти.
Анын алдында спикер Нурланбек Тургунбек уулу сөз сүйлөп, парламент депутаттары ар ким менен кайым айтышпай, элдин ынтымагы үчүн бийлик бутактары менен тыгыз кызматташып иш алып баргандыгын билдирди.
Депутаттар эми эки ай эс алышат.