"Кыргыз жеринде авторитариз жок, болушу да мүмкүн эмес. ММКларда сөз эркиндигине жана жарандык коомчулукка чектөөлөр болууда, тынчтык митингдерин өткөрүүгө уруксат бербей жатат деген имиштерди окуганда ошондой ойго келиши мүмкүн. Ачык айтыш керек, жазганга эч ким тыюу салган эмес, жаза беришсин. Жазгандан кийин жоопкерчиликти алышсын, менимче, бул нормалдуу көрүнүш", - деди Дастан Бекешев.
Депутат тынчтык митингине чыккандар жолдорду тосуп, милицияга каршы аракеттерди көрүшсө, ал митинг тынч мүнөздө болбой каларын белгиледи.
"Биздин мамлекет авторитардык режимге баратат деген жыйынтыгына макул эмесмин. Фридом Хаус анализ жүргүзбөй кээ бир ММКлардын макаласынын темасынан улам ушундай бүтүм чыгарды. Парламентте 6 партия бар. Авторитаризм болгондо айрым маселелер парламент менен макулдашпай туруп каралмак", - деди депутат.