Кыргызстанда 2011-жылы 139 344 төрөт катталып, анын 1,2 пайызын өспүрүм курактагылардын төрөтү түзгөн. Анда 15-17 жаштагы айымдар 1214 баланы жарык дүйнөгө алып келсе, 18-19 жаштагы айымдар 10 543 ымыркайды жашоого алып келген. Бул жалпы төрөттүн 8,5 пайызын түзгөн. Мындай маалыматты “Демократиялык процесстерди иликтөө борбору” коомдук фондунун өкүлү Лариса Илибезова бүгүн, 7-май күнү маалымат жыйында билдирди. Ошондой эле ал Кыргызстанда жыл сайын жашы жете элек өспүрүмдөр арасында 1200гө жакын бойдон алдыруу фактысы расмий түрдө катталарын билдирди. "Мындай көрсөткүчтөрдү так деп айтууга да болбойт, себеби бул катталган гана аборттор саны. Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын үчтөн бири никеге турбаган энелердин балдары болууда",- деп кошумчалады ал.