ЭЛДИК КАБАР: Мектеп программасындагы китептер ката менен басылып жатат дейт окурман

Мектеп окуучулары үчүн басылып чыккан китептер ката менен чыгууда. Бул тууралуу окурман "Элдик кабарга" билдирди.

"Билим берүү системине көңүл качан бурулат? Азыркы актуалдуу маселелердин бири окуу китептерин ижарага берүү болуп жатат. Эгер ушул систем ишке кирсе, ижарадан түшкөн акчаны кайра эле билим берүү тармагына жумшап, китептерди сапаттуу басып чыгарышса болот эле. Маселен, 9-класстын алгебра китебинин мукабасында формула ката жазылган. Сыртынан эле ушундай ката кетип жатса, ичинде канчасы бар дейсиз? Математика так илим болгондуктан, тактыкка үйрөтөт. Балдарга каталар үчүн эмне деп жооп беребиз?" - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Beksultan-007
2017-04-07 11:59:11
Кыйынсынар кыргыздар. Бироодукун чумумай менен алекпиз.
-10
kechirmeni
2017-04-07 12:25:51
Beksultan-007,Катаны ката туураны туура деш керек. Чукубаса оздору билишпейби. Айтмакчы сенде да ката бар
+18
KGstan1981
2017-04-07 12:35:30
Beksultan-007,Хадисте жазылган"Эгрде сага кимдир-бироо жарым сенин катанды айтса аны туура кабыл алгын"
+7
Jarookerjan
2017-04-07 17:32:56
Beksultan-007,бул чукумай эмес эн маанилуу маселе.Китептин сыртында оркойгон ката болсо демек ичинде толтура экен да.Муну менен окуучулар кандай билим алышат?
+2
Sayli
2017-04-07 13:22:20
"Математика илимдин падышасы"."Математика акылдын конугуусу" деп биз окуучуларды окутуп келебиз. Китептин ичиндеги каталарды коп эле кездештирген учурларыбыз болгон.Бирок сыртындагы катаны эч ким ушуга чейин айтып чыкканын уккан эмесмин.Китептин жузу болгон мукабасы ката болсо,анда кантип аны окуган окуучуга билим жуксун."Балык башынан сасыйт" дегендей анан кантип билим сапаты которулот.Бул маселеге кайдыгер карабайлы.Келечек жаштардыкы.
+5
Aitunuk
2017-04-09 20:18:11
Sayli,"Математика - илимдин падышасы", "Математика - акылдын конугуусу" деп биз окуучуларды окутуп келебиз. Китептин ичиндеги каталарды коп эле кездештирген учурларыбыз болгон.Бирок сыртындагы катаны эч ким ушуга чейин айтып чыкканын уккан эмесмин.Китептин жузу болгон мукабасы ката болсо,анда кантип аны окуган окуучуга билим жуксун."Балык башынан сасыйт" дегендей, анан кантип билим сапаты которулот.Бул маселеге кайдыгер карабайлы.Келечек - жаштардыкы.
0
evra_kg
2017-04-07 14:48:24
иииий тобоо" кыргызстандын бузулганы ушул
+1
make2
2017-04-07 14:58:25
Эң туура маселе, менда көп байкадым, анан ай сайын эле ремонтко акча дегени
+2
adi.ali94
2017-04-07 15:18:56
Азыркылар баарыле заочный окуп атшатго,ошонун таасириби дейм
+2
guju9389
2017-04-07 17:02:54
Автор апрель айынын женүүчүсү сен болдунго дейм жеке менин ойум. Бул катага көп адамдар маани бербейтко.
+3
Kroxa
2017-04-07 17:20:55
Сабаттуу окуган киши калбай бараткансыйт,,баары эле акча менен бутурушсо анан кантсин...
+2
pixduel1
2017-04-07 18:22:06
Синдим азыр мектепте окуйт ал да ушундай нерсени айтса ишенбегем кантип эле деп. Себеби алар алгебра сабагынан тапшырма жасап барышкан бирок бироонун жообу туура эмес болгон анан алар класста жообун чыгарууну чечип мугалим формула дал келбестигин айтып , озу да ынгайсыз абалда калган . Бирок ал ардактуу мугалим иштегенине коп болгон!
+1
bond0202
2017-04-07 19:50:58
окуучулардын башын тегеретип тушунуксуз эле нерселерди киргизип койушкан китептерге
+1
ruslan9595ru
2017-04-07 21:09:36
Физика китебинде да бар каталар.Мен окуучуларга ручка менен эле китептеги катаны ондотуп койгом.
+1
Sayli
2017-04-08 09:49:38
Биздин математика китептеринин кыргыз авторлоруна эмне дешти да билбей калдык.жогорудагы автор которуп чыккан маселеге окмот туура баа берсе экен.Себеби ,ката бамылып чыккан бул эле эмес 7-класстын авторлору Н.Ибраева,А.Касымова алгебра китеби жараксыз деп табылып,азыркы учурда орус автору Ю.Н.Макарычевдин китебин окутуп жатышат.Кыргыз авторлорунун китептери чыкканда эски китептерди жок кылып салышкандыктан,бир класста жалгыз эле мугалимдин китеби менен билим алып жатышат.Анан айыл жергесинде
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан