КҮНСЕРЕП: 7-апрель эскерүү күнүнөн майрам күнүнө айланды

Бүгүн, 7-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.


Кыргыз жеринде Апрель революциясынын 7 жылдыгы белгиленүүдө. Элдик революцияда курман болгондордун жакындары жана жаракат алгандардын катышуусунда Бишкектин четиндеги "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде эскерүү иш-чарасы өттү. Президент Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, спикер Чыныбай Турсунбеков баштаган мамлекет жетекчилиги, депутаттар революцияда каза тапкандарга арналган эстеликке гүлчамбар коюшуп, маркумдарга багышталып куран окулду. Президент кайтып бараткан учурда топтолгон элдин арасындагы жаш балдарды көрүп "балдар менен учурашып коёюнчу" деп атайы кайрылып келди. Бул учурда чогулгандардын бири президентке жолугуша албай жатканын айтты эле ажо: "Чынында иштер көп болуп жатат. 6 айдан кийин бекерчи болом, ошондо кенен жолугушабыз" деген жооп кайтарып узап кетти. Атамбаевдин артынан угуза сүйлөп: "Сизди колдойбуз! Биз сиз мененбиз!" дегендер болду. Иш-чарага бийликти сындап келе жаткан Турсунбек Акун, Расул Умбеталиев өӊдүү коомдук ишмерлер да катышты. Алар президенттин "Ата Бейитте" сөз сүйлөбөгөнүн сындашып, сөздү "Ала-Тоо" аянтынан эмес, ушул жерден сүйлөшү керек эле. Анткени бул жер Кыргыздын ыйык жери" деген өӊдүү пикирлерин айтышты. Бул маалда президенттик кортеж "Ата Бейиттен" кыйла узап кеткен эле.
Президент "Ала-Тоо" аянтынан да сүйлөгөн жок. Апрель революциясынын 7 жылдыгына карата расмий кайрылуу жасап, аны ММКларга президенттик аппарат таратты. Кайрылууда Кыргыз мамлекетинин өнүгүүсүндө Апрель окуясынын мааниси зор экендиги белгиленет. "7-апрель кыргыз көчүн кайрадан Манас атабыздын, бабаларыбыздын жолуна салды, кыргыз элине кең келечек ачылды. Ошондуктан мындан ары биз бул күндү аза күтүү күнү катары эмес, улуттук майрам катары тосушубуз керек" деди президент. Ошентип 7-Апрель өлкөдө биринчи ирет майрам катары белгиленди. Бишкектин башкы "Ала-Тоо" аянтында майрамдык концерт, сахналаштырылган көрүнүш тартууланды. Кечинде майрамдык салют атылары күтүлүүдө. Бүгүнкү күндүн майрам деп жарыяланышы боюнча коомчулук эки ача пикирде. 7-Апрель окуясы өлкөнүн жаӊы келечегине жол ачкан күн катары майрамдалышы туура экенин айткандар, тескерисинче, жүздөн ашык адамдын өмүрүн алган окуяны сүйүнүп майрамдоого батына албай тургандар дагы бар. Бүгүнкү күн революцияда жакынын жоготкондорго майрам катары эмес, эскерүү күнү катары жакыныраак. 7 жыл мурун аянттан атылган азаматтардын үмүтү акталдыбы? Өлкөдө алар эӊсеген заман орнодубу? Бакиевдик режимдин тушунда элди көчөгө чыгарган кемчиликтер жоюлдубу? Кыргызда бул суроолор боюнча бирдиктүү жооп жок...

Эл аралык "Фридом Хаус" уюму Кыргыз Республикасын авторитардык өлкөлөрдүн катарына киргизди. Мунун себептери уюмдун "Өткөөл мезгилдеги өлкөлөр-2017" аталышындагы жылдык докладында жазылат. Докладда Кыргыз мамлекети менен Армения бийлигинин окшоштуктары айтылат. Себептердин бири - бул өлкөлөрдө шайлоолордун кыска убакытта өтүшү. Демократиянын өнүгүү деңгээли жети көрсөткүч менен бааланган. Улуттук демократиялык башкаруу, шайлоо процесси, жарандык коом, басылмалардын көз карандысыздыгы, жергиликтүү демократиялык башкаруу, сот системи жана анын көз карандысыздыгы, коррупция маселелери. Бардык көрсөткүч боюнча Кыргыз мамлекети Арменияга салыштырмалуу арткы орунда турат. 2016-жылы Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумдун чукулунан өтүшү дагы Кыргыз мамлекетинин авторитардык режимдеги өлкө аталышына шарт түзгөнүн көрүүгө болот. Уюм жаңы Конституция кабыл алынардан мурун элге жетиштүү маалымат берилбеди деген пикирде. Ошондой эле президент оппозиция жана медианы куугунтуктоо менен мурдагы президенттердин каталарын кайталап жатканын билдирет. Бирок Кыргыз бийлиги мындай жыйынтык менен макул эмес. КСДП партиясынын депутаты Дастан Бекешев жыйынтык өлкөдөгү кырдаалга анализ жүргүзүлбөй, өкмөттүк эмес уюмдардын маалыматы менен гана чыгарылган деген пикирин айтты. Эл өкүлүнүн ою боюнча жыйынтык сөз эркиндигине жана жарандык коомго байланыштуу айтылып жаткан имиштердин негизинде жасалган болушу мүмкүн. "Жазганга эч ким тыюу салган эмес, жаза берсин. Бирок жоопкерчиликти алыш керек. Бул нормалдуу көрүнүш" дейт Бекешев. Буга чейин өлкө башчынын кадыр-баркын коргоп Башкы прокуратура Азаттык радиосун жана Заноза сайтын сотко бергени белгилүү. Президент 24-мартта Бишкектеги иш-чарада ММКлардын үстүнөн берген арыздарын кайтарып албасын айтып, керек болсо эл аралык сотко чейин кайрыларын кошумчалаган. Медиа коомчулугу, жарандык коомдун өкүлдөрү муну сөз эркиндигине басым катары сыпаттаган эле. Акыркы саясий коомдук окуялар, оппозиция өкүлдөрүнө карата катары менен ачылган кылмыш иштери дагы өлкө авторитаризмге ыктады деген ойлорду бекемдөөгө түрткү берүүдө. Мыйзамга ылайык, Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында бүтөт. Ал эми жаӊы шайланчу кийинки президент Эл аралык уюм белгилеген кемчиликтерди жоюуга күч жумшайбы же көз жаздымда калтырабы, убакыт көрсөтөт...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан