5-апрелде Бишкекте болуп өткөн "Кыргызстан сулуусу -2017" сынагы тууралуу ырчы Айгерим Расул кызы жеңүүчү алдын ала тандалганын, калыстардын баасы эсептелбегенин айткан эле. Ал эми калыстар тобунун башка мүчөсү, журналист Кудрет Тайчабаров бул сөзгө кошулбасын айтып, буларды билдирди.
"Сынакта бири-бирин тааныбаган калыстар отурдук. Жеӊүүчү алдын ала тандалган жок. "Кыргызстан сулуусу-2017" аталган Бегимай Карыбековага Айгерим өзү деле 10 упайдан коюп жаткан. Ал Германияда жашап, бул жакка кээде келип турат экен. Ал эми бизге берилген протоколдо интеллектуалдык сынак жок болчу. Аны алып баруучу кыз убакыт көбүрөөк болушу үчүн кошуп койгон, уюштуруучулар эмес. Карыбековага "5 миӊ сомдук банкнотто кимдин сүрөтү түшүрүлгөн?" деген суроо келгенде адашып калды. Ошондо Айгерим төмөн упай койду. Анан да ал бий тапшырмасын аткарууда чыгыш бийин жакшы аткарды", - дейт К. Тайчабаров.
Ошондой эле ал Бегимай Карыбекова татыктуу жеӊүүчү болгонун кошумчалай кетти.
"Буга чейин "эл аралык сынактарга татыктуу кызды жиберсеӊер" деп сындап чыккан элем. Андыктан быйыл уюштуруу иштерине аралашып, калыстар тобунун катарында болдум. Жеӊүүчү болгон кыз буга чейин бир топ эл аралык сынактарга катышып, тажрыйбасы, өзүн алып жүрүүсү жагынан башка кыздардан бир топ айырмаланып турду. Андыктан жеӊишти татыктуу жеӊип алды. Суроого туура жооп бере алган жок деп төмөн упай алганы менен, жыйынтыгында анын упайы эӊ жогору болчу.
Эл аралык сынакта интеллектуалдык же кыргыз тарыхына байланыштуу суроолор берилбешин да эске алып, Кыргыз өлкөсүнүн атын татыктуу көрсөтө турган кызды тандадык. Андай сынактарда катышуучунун жетишкен ийгиликтери, кайрымдуулук иштерди жасаганы эске алынат".