Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүндөгү Кара-Жыгач айылы суусуз калуу коркунучунда. Бул кабарды "Элдик кабарга" окурман билдирди.
"Айылыбызга кирген канал Исфайрам дарыясына жакын агып өтөт. Жашоочулар ошол каналдан ичет жана талаачылык иштерин жүргүзөт. Эгер бул канал буулуп же бир нерсе болсо, айыл эли суусуз калат. Сүрөттө көрүнүп тургандай, Исфайрам дарыясынын нугун суу жеп, каналга жакындап баратат. Эми бир жолу жаан жааса каналды дарыя алып кетүү коркунучу бар", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.