Борбор калаадагы “Дубовый парк” галереясында сүрөтчү Болот Каракеевдин “Карак” аттуу көргөзмөсү 16-майда ачылат. Маалым болгондой, анда академик Курман-Гали Каракеевдин жаркын элесине арналган живопись жана графика жанрындагы сүрөттөр коюлмакчы. Автор тууралуу айта кетсек, Болот Каракеев Кыргызстандагы Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Көбүнчө кооздоо, жасалгалоо жана китептердин дизайны боюнча эмгектенет.