Дмитрий Медведев өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевди Жеңиш күнү менен куттуктады

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнүн 68 жылдыгына байланыштуу Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведевден куттуктоо телеграммасын алды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет. Өз куттуктоосунда Д.Медведев “Урматтуу Жантөрө Жолдошевич, сизди биздин жалпы майрамыбыз – Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү менен куттуктаймын. Орусия жана Кыргызстандын элдеринин ортосундагы согуш жылдары чыңдалган достук мындан ары да соода-экономикалык, гуманитардык жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө шарт түзөт деп ишенем. Кыргызстанда жашаган согуштун ардагерлерине чың ден соолук жана бакыт-таалай, ал эми жалпы кыргызстандыктарга тынчтык жана бейпил жашоо каалайм”,- деп билдирген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан