Бишкекте Киев көчөсү менен Жаш гвардия бульварында "Тез жардам" унаасы кырсыкка кабылды. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
Окурмандын айтымында, жол кырсыгы бүгүн саат 16:00 чамасында катталган. Анда "Тез жардам" кызматынын унаасы Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн.
Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктын кесепетинен катуу жабыркагандар болгон жок.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.