Депутат Каныбек Осмоналиев Грузияда өткөн эл аралык конференцияда баяндама жасады

Бүгүн ЖКнын депутаты Каныбек Осмоналиев Грузиянын Тбилиси шаарында өтүп жаткан «Илимий изилдөөлөр жана 2007-2014-жылдарга Европа Биримдигин технологиялык өнүктүрүү» долбоору боюнча уюштурулган эл аралык конференцияда баяндама жасады. Каныбек Осмоналиев "Борбордук Азия жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн социалдык маселелерди чечүү жаатындагы кызматташтыгы: артыкчылыктар, саясатчылардын өз ара байланышы, илим жана билим" баяндамасы менен чыгып сүйлөп, бул конференция саясатчылар, башка кызыкдар тараптардын ортосундагы мамилелерди тереңдетүүгө шарт түзөрүн белгиледи. Конференциянын негизги артыкчылыктары – климаттын өзгөрүүсү, саламаттык сактоо жана энергетика маселелери болду.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан