Кыргызстанда азиздердин республикалык китепканасында 9000 китеп бар

Азиздердин республикалык китепканасында учурда Брайль шрифтинде жазылган 9000дей китеп бар. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда аталган китепкананын жетекчиси Жумабай Исмаилов билдирди. Айтымында, бул сан китептердин жалпы саны. “Ал эми аталыштары боюнча 4 миңдей китеп бар. Китептердин көпчүлүгү орус жана англис тилинде. Кыргыз тилиндеги адабий китеп биринчи жолу депутат Дастан Бекешевдин демилгеси менен басылып чыкты”, деди ал. Айта кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин демилгеси менен Ч.Айтматовдун "Жамиля" повести азиздер үчүн кыргыз тилинде басылып чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан