ЭЛДИК КАБАР: "Өзгөн районундагы Жаңгакты айылында жер көчүп, жардам келбей жатат" дейт окурман

Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Жаңгакты айылында 8-апрелде жер көчкү жүрүп, тургундар качып кеткенге үлгүрүшкөнүн окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Жабыркагандар жок, бирок үйлөрдү көчкү басып кетти. Дагы да, токтобой көчүп жатат. Элдер коркуп үйлөрүн таштап адырда жүрүшөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен келгендер кичине текшерип эле кетип калышты. Элге эч кандай жардам берилбей жатат. Көбү жаш балдар жана кары-картаңдар. Мамлекет ушул маселени карап, жардам берип койсо", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
kokboru
2017-04-10 10:19:08
Кыргыздарды тоолор адырлар басып жок болот окшойбуз. Озбектердин баары озгондо шаар жеринде. Аларга Атамбай 2015- ж дагы парламенттик шайлоодо уйлорунун астына чейин асфальдап берген. Мына тоодогу нукура кыргыздарга Атамбайдын барганга шарты жок туура тушунголо. Атамбай кечеги Бишкектеги Дача сууга да келе албай койбодубу колу бошобой туура тушунгуло кыргыз бир туугандарым Атамбай ото жакшы иш мээр болгондуктан бизге убактысы тийбей калып жатат
+9
Nasichat
2017-04-10 12:01:03
kokboru, Атамбайды бийлик, мансап, акча деген нерседен башкасы кызыктырбай калдыго.
+3
Barchynbek
2017-04-11 03:13:30
kokboru,Атан пайдасы жок бай экенда
0
kamchatka
2017-04-10 11:30:26
Эртен барат жардам бугун салыштырып жатабыз жукторду анан атайын счетда ачсакбы деп жатабыз себеби атайын ачылган счеттон жакшы пайда тапса болот!
+2
Makain
2017-04-10 12:11:09
Ой ботом жаштарынар россиялап кеткенда. Озунор аракет кыла бергиле.
-4
Aramisa
2017-04-10 15:14:19
Makain,мынча боорун таш???
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан