Интернетке жол кызматкеринин жолдогу чуңкурларды суудан тазалабай туруп, оңдоо иштерин жүргүзгөндүгү тууралуу видео тасма тараган. Бул боюнча премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-апрелде жыйын өткөрдү. Муну өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда видео тарагандан кийин С. Жээнбеков транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловго кызматтык иликтөө жүргүзүп, мындай тапшырманы ким бергендигин аныктоо менен жоопкерчиликке тартууну айткан.
"Кечээки видео тасма көп нерседен кабар берет. Бул бизге жарандык коомдун жардамы менен белгилүү болгон факты, тилекке каршы, тартылбай, айтылбай калган да фактылар бар. Акылга сыйбас иш жасаган, жол тармагында жасалып жаткан оң иштерге күмөн жараткан, өз ишине кайдыгер болгон жетекчилер мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылат. Ушундай жоопкерчиликсиз кызматкерлердин айынан, мамлекеттин жолдорду оңдоого жумшап жаткан каражаты, мээнети текке кетет", - деди Сооронбай Жээнбеков.
Аны менен катар премьер-министр өлкөдө жарандык коомдун активдүүлүгүнө, видеотасманы тараткан жаранга ыраазычылык билдирди.
Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов мындай жоопкерчиликсиздикке жол берген министрликтин кызматкерлерине көрүлгөн дисциплинардык чаралар тууралуу маалымат берди.
Ал маалымдагандай, жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында Министрликтин алдындагы №1-жол чарба департаментинин, жол эксплуатациялык ишканасынын башчысы Амангелди Молдоболотов, жол чарба департаментинин №1-аймактык бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Аманов, башкы инженер Куштарбек Аманов, жол чарба департаментинин жетекчисинин экономика боюнча орун басары Шабдан Иманкулов жана жол чарба департаментинин жетекчисинин өндүрүш боюнча орун басары Жумаш Содонбаев кызматынан бошотулду.
Мындан сырткары Транспорт жана жолдор министрлигинин жолдор башкармалыгынын башчысына эскертүү берилди. Ошондой эле премьер-министрге жалпы колдонуудагы жолдорду оңдоодо тиешелүү көзөмөлдүн жоктугунан улам, транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиевге, жол чарба департаментинин директору Арстанбек Ибраевге сөгүш берүү тууралуу сунуш киргизилди. Ал аталган иш боюнча иликтөө иштерин экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы жүргүзөрүн кошумчалады.
Жыйындын соңунда премьер-министр Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка бул факт боюнча тергөө ишин жүргүзүүнү жана кылмыш ишин козгоо сыяктуу эң катуу чараларды көрүүнү тапшырды.
Транспорт жана жолдор министри республиканын автожолдорундагы жол оңдоо иштеринде өндүрүштүк технологияны катуу көзөмөлгө алууну тапшырды.