Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде 11-майда “Кытайга сапар” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылат. Маалым болгондой, иш-чарага кытай элинин тарыхын жана заманбап жашоосун чагылдырган 400гө жакын сүрөт, улуттук музыкалык аспаптары менен кийимдер коюлат. Айта кетсек, көргөзмө Бишкектеги Ж.Баласагын атындагы Улуттук университеттин алдындагы Конфуций институту тарабынан уюштурулууда. Көргөзмөнүн акыркы күнүндө, тактап айтканда, 16-майда “Кытай көпүрөсү” аталышындагы 12-эл аралык фестиваль өтөт. Анда кытай тилин өздөштүргөн студенттер бир катар тапшырмалар боюнча күч сынашмакчы.