ӨКМ: Жыл башынан бери өлкөнүн түштүк аймагында 77 жер көчкү катталган (фото)

2017-жылы 1-январдан 10-апрелге чейин республиканын түштүк аймагында 77 жер көчкү катталган. Анын ичинен болжол менен 40ка жакыны материалдык чыгым алып келген. Кырсыктан 6 адам каза тапкан, 4 турак жай бузулган. Бул тууралуу 10-апрелде ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Баткен облусунун Лейлек районунда – 1, Ош облусунун Алай районунда – 5, Кара-Суу району – 3, Кара-Кулжа району – 3, Өзгөн району – 7, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда – 26, Базар-Коргон району – 7, Майлуу-Суу шаары – 9, Аксы районунда – 3 жер көчкү болгон.

Жер көчкү коркунучтарынын өрчүүсүнүн негизги себептери:

- 2016-жылдын октябрынан 2017-жылдын январына чейинки мезгил ичинде көп жылдык орточо норманын чегинде жана андан жогору жаан-чачындар жаашы.

- 2016-жылдын 21-октябрынан баштап маал-маалы менен калың кар жаап, тоңбогон жантайма жерлерге карлар эрип, көчкү жүрүү коркунучу бар участкаларына, жантаймаларга кардын ашыкча терең сиңүүсү.

- Абанын минустук белгиден плюстук белгиге чейинки температурасынын өзгөрүүсү (+10 +15 градус), кардын мол эрүүсүн келтирилген, мындан тышкары күз жана кыш айларында жаан-чачын түрүндө жааган, бул жер көчкү жантаймаларынын интенсивдүү нымдашуусуна салымын кошкон.

- Республикада, айрыкча түштүк аймагында сейсмикалык активдүүлүктүн уланышы. 2016-жылы 13 076 сейсмикалык кыймылдар катталган.

- Калктын чарбалык иш-аракеттери дагы жер көчкү жантаймага таасир этип, күтүлбөгөн чукул жер көчкү болушуна себеп болгон жараяндарынын өнүгүүсүнө жана активдешүүсүнө маанилүү ролду камсыз кылат.

Маалымат үчүн:

1970-2017-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын аймагындагы жер көчкүлөрдүн саны салыштырмалуу 8 эсе көбөйгөн. Кыргыз мамлекетинин аймагында бардыгы 4532 жер көчкү (тоо ичиндегилерди кошпогондо), анын ичинен дээрлик 99 пайызы Республиканын түштүгүндө, ал эми түндүк аймакта 41 жер көчкү катталган. Жалпысынан 1990-жылдан 2016-жылга чейин 518 жер көчкү түшкөн.

Республиканын аймагында 5000 жер көчкү участоктору бар. Жер көчкү болуп кетет делген кооптуу аймакта жашаган 4966 үй-бүлө көчүрүлүүгө тийиш болсо, анын ичинен 1888и материалдык жардамды жана жер тилкелерин алып, коопсуз жайга көчүп кетишкен. 702 үй-бүлө жер тилкелерин алуу кезегинде турушат. Ал эми 2376 үй-бүлө өз учурунда материалдык жардамды жана жер тилкелерин алып, бирок кооптуу аймактан көчкөн эмес.

Кооптуу аймактан көчүрүү иш-чаралары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 23-апрелиндеги №289-токтомунун негизинде кооптуу тилкелерде жашап жаткан жарандарды коопсуз жайларга көчүрүү жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы, акимдерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилигине жүктөлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан