"Ак илбирс" Улуттук киносыйлыгына ат салышкан 38 тасманын ичинен 13 тасма 1-тандоо турунан өттү. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда аталган фестивалдын уюштуруучулары журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.
“Тандоо туруна 38 тасма катышты. Алардын 16сы толук метраждуу, 16сы кыска метраждуу жана 6сы даректүү тасма. Булардын ичинен 13 тасма гана 1-тандоо турунан өттү”,- деди кино сынчы Гүлбара Төлөмүшева. Айта кетсек, 1-турдан төмөнкү тасмалар өттү:
Толук метраждуу тасмалар: “Сулуулар жана миллион”, “Мезгил жана Алыкул”, “Ханбийке Назик”, “Президент жана бомж”, “Ээнсиреген үй”.
Кыска метраждуу тасмалар: “Жымжырт”, “Майдан”, “Сезим”, “Нибируга учуу”, “Чайка”.
Даректүү тасмалар: “Зарыл ишиң болбосо, зардалыда эмне бар?”, “Таштанбек”, “Туткун”.