1-майда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда Урмат Самидиновдун жаркын элесине арналган волейбол боюнча "Достук кубогу" болуп өттү. Бул спорттук иш-чарага аталган райондун 12 айыл өкмөтүнөн келген волейбол командалары, айыл аксакалдары жана жаштар катышып, концерттик программа менен коштолду. Мелдеш Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Бактыбек Калмаматов тарабынан уюштурулуп, ага ЖКнын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Асия Сасыкбаева, Ташполот Балтабаев, Туратбек Мадылбеков, Жоомарт Сапарбаев, Абдимуктар Маматов, Акуналы Досалиев, Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов жана башка өкмөт мүчөлөрү, Бишкек шаардык кеңешиндеги "ата мекенчи" депутаттар катышты. Кубок үчүн жарыш Карагуз айылындагы Жаңы-Талаа орто мектебинде орун алды. Мелдештин жыйынтыгында айыл өкмөттөр арасында 1-орунду Сай айылы алып, 50 миң сом менен сыйланса, 2-орунду Ылай-Талаа айылы алып 30 миң сом менен сыйланды. 3-орунга Карагуз айылы ээ болуп, 20 миң сом менен, 4-орунга Кашка-Жол айылы татыктуу болуп, 10 миң сом утуп кетти. Мындан сырткары кызыктыруучу сыйлыктар үчүн да оюндар уюштурулду.