Бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында Бишкек шаарындагы кабыл алуу-бөлүштүрүү жайынын абалын текшерүү боюнча комиссия түзүлдү.
Комитеттин төрагасы Мирлан Жээнчороев билдиргендей, аталган жайдын абалы менен таанышуу сунушу тууралуу кат келген.
"Өнүгүү-прогресс" фракциясынын депутаты Камчыбек Жолдошбаев комитеттеги бардык депутаттар ал жерге барып келүүсүн сунуштады. Бирок М. Жээнчороев жыйынтык тез чыгуу үчүн комиссиянын курамына эки гана депутат жетиштүү экенин айтты.
Жыйынтыгында бул комиссияга мүчөлүккө депутаттар Аида Салянова, Камчыбек Жолдошбаев, Талант Мамытов, Урматбек Самаев кирди.
Эске салсак, буга чейин депутаттар жана жарандык коомчулук тарабынан Бишкек шаарындагы кабыл алуу-бөлүштүрүү жайынын абалы начар экени бир нече жолу айтылган.