Бүгүн, 11-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
“Мен биринчи миллионумду кантип тапкам?” эстафетасынын кезеги Өмүрбек Бабановго жетти. Тагыраагы ал коомчулукка атаандаштарынан мурун байлыгынын бир четинин таржымалын айтып берүүгө аргасыз болду. Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунан Бабановдун тууганы Бишкекте курулуп жаткан “Asia mall” соода борборуна 17 миллион доллар кредит алганын өзү тастыктап, аны менен аталган фонддон “Asia mall’дон” башка соода борборлоруна да кредит берилгенин билдирди. Бирок алардын аталыштарын Бабанов атаган жок. Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду Кыргыз өлкөсү Бажы союзуна кирүү алдында түзүлүп, анын башкы максаты мамлекеттин экономикасынын приоритеттүү тармактарын, анын ичинде агроөнөржай, кийим тигүү, текстиль, кайра иштетүү өнөр жайындагы долбоорлорду каржылайт деп жарыяланган. Мындайча айтканда, фонд тарабынан берилчү акча өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатууга жумшалышы керек болчу. Буга Бабанов “фонддо кредит берүүдө чечимди бир гана кыргыз тарап эмес, орусиялык тарап да чечет. Биз талаптарга жооп бербесек, кредит да беришмек эмес” деп жооп узатты. “Республика-Ата Журттун” лидери биринчи миллионун Казакстанда жүрүп, мунай тармагындагы бизнесинен 27-28 жашында тапканын айтты. Өнөктөшү менен түзгөн “Альянс” компаниясындагы 50 пайыздык үлүшүн 36 жашында 100 миллион долларга сатканын билдирди. Азыркы байлыгынын эсеби боюнча “ал экономикалык кырдаалдан көз каранды” деп кутулду. Негизи эле маалымат жыйынында Өмүрбек Бабанов бир канча жолу журналисттерге тактоо киргизүүдөн тажабай, “мага таандык мүлк – бул Бабановдордун үй-бүлөсүнө таандык” деп кайталап жатты. Өзүнүн ысымына катталган кыймылдуу, кыймылсыз мүлктөн тышкары 15-20 күлүккө ээлик кыларын, ал эми өзүнүн үй-бүлөсүнө катталган Москвада үйү жана жубайынын бизнеси бардыгын, жалпы Бабановдордун үй-бүлөсүнө бир туугандарынын бизнестери кирерин айтты.
Ишкердиктен саясатка ооп, бирде оппозицияда, бирде бийликте жүрүп, 2010-2015-жылдардагы парламенттик шайлоодо өзү баштаган партия Жогорку Кеңешке өткөн, өкмөт башчылыктын да даамын татып көргөн Бабанов жогорудагы акчага байланыштуу сөздөрдүн баарын “каралоо, жалаа жабуу” деп атап, ага президенттик шайлоонун жакындап келе жатканын себеп катары көрсөттү. Ошентсе да саясий билдирүү жасоодон абайлап, учурдагы саясий кырдаал жана президенттикке талапкерлигин коюу боюнча билдирүү кийинчерээк болорун айтты. “Шашкан шайтандын иши” деген Бабанов азыр дале эмне жоготорун, эмне утарын эсептеп жаткан өңдүү. Бүгүнкү пресс-жыйында айтылган маалыматтардын бири, тактап айтканда, Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондундагы каражаттын бөлүштүрүлүүсү бир нерсени ачыктады. Бул каржы фонду Кыргыз жериндеги бир ууч байларды мындан ары да байытууга иштеп жатыптыр...
Миллиондорду эсептемей президент Алмазбек Атамбаевден старт алган. Ал өткөн аптада башкы прокурор Индира Жолдубаевага 2003-жылы Түркиядагы өнөр жай ишканасындагы өз үлүшүн 45 миллиард лирага сатканы боюнча тиешелүү документтерди карматкан. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү 45 миллиард лира ошол кездеги курс менен 35 миллион доллар болгон деп тараткан. Бул маалымат боюнча коомдук ишмер Эдил Байсалов өз эсебин жүргүзүп, 2003-жылы лиранын долларга карата курсу боюнча 45 миллиард лира 26 миң 881 доллар болуп чыгарын жазды. “2003-жылы лира кунун жоготуп турган мезгил болчу, аталган валютанын деноминациясы же анын наркын көтөрүү үчүн акча бирдигин ирилештирүү процесси 2005-жылы гана болгон” деп жазды Эдил Байсалов өз баракчасына. Азырынча президенттик аппараттан же башкы прокуратурадан Байсаловдун билдирүүсүнө жооп боло элек. Ал эми мамлекет башчы биринчи миллион долларын качан тапкан жылын айтпаса да, ал мезгилде Салымбеков бизнесин эми баштаган, Бабанов Айыл чарба академиясында окуп жүргөн мезгил экенин билдирген болчу. Акыркы шайлоолордун жүрүшү ошентип миллиондорду жана мүлктөрдү акырындап ачыктай баштады. Күзүндө өтүүчү президенттик шайлоого карата компроматтар согушу байлыктардын келип чыгуусун тушүндүрүп берүү маселесинен башталганы турат. Бул Кыргыз байлары үчүн оңой эмес маселе...
Боинг учагы кулап түшкөн аймактын жашоочулары бүгүн дагы митингге чыгышты. Кырсыктын орун алганына ушул аптада 3 ай болот. Тургундар мурункудай эле башка жакка көчүрүүнү же жашап жаткан аймагына айыл макамын берүүнү талап кылышууда. Митингге жооп катары кайра эле баягы сөздөр, өкмөттөн көчүрүүгө жер жок экенин, бул маселе каралып жатканы жана өкмөттүк деңгээлде чечилери айтылды. Ошондой эле авиакырсыктан жабыркагандарга компенсация төлөп берүү үчүн документ иштери, түрк тарап менен болуп жаткан сүйлөшүүлөр аяктоо стадиясында экендиги маалымдалды. Түрк авиакомпаниясынан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ачкан бирдиктүү эсепке биринчи бөлүгү катары 600 миң доллар (41 миллион сомдун тегереги) келип түшкөн. Ал эми эл жардам катары чогулткан акча каражатынын көлөмү 31-мартка карата 100 миллион сомдон ашкан. Өкмөттүк комиссия материалдык зыяндын көлөмүн 195 миллион сом деп чыгарганы белгилүү. Азыркы тапта авиакырсыктын айынан жабыркагандарга компенсацияны адилеттүү төлөп берүү маанилүү. “Манас” аэропортунан тышкары өлкөдөгү бардык аэропортторго жакын жайгашкан айылдарды көчүрүү зарылдыгын 16-январдагы 39 адамдын өмүрүн алган кырсык даана көрсөттү. Андыктан ушундай кырсыктын кайталанбашы үчүн алдын алуу чаралары экинчи планда калбашы шарт...