Борбордо сүрөтчү Нурбек Жолбуновдун жеке көргөзмөсү ачылат

17-майда Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде саат 15:00дө сүрөтчү Нурбек Жолбуновдун жеке сүрөт көргөзмөсү ачылат. Иш-чара “Сүйүүм менин, кайгым менин” деген аталышта өтөт. Анда Нурбек мырзанын 70ке жакын сүрөт жана колго жасалган ар кандай буюмдары коюлмакчы. “Көргөзмөнүн аталышы тууралуу айтсам, анда сүрөт менен кол өнөрчүлүк өнөрүн бийик деңгээлде сүйгөнүмдү, ошол эле учурда кыйналганымды айткым келген”,- деди Нурбек Жолбунов. Айта кетсек, иш-чара 15 күнгө созулмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан