11-апрелде Бишкекте балдар үйүнүн тарбиялануучулары арасында футбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу "Кызыл жарым ай" коому билдирди.
Маалыматка караганда достук беттештери "Кароосуз калган балдарды социалдык жактан адаптациялоо жана реабилитациялоо" борбору жана "Кароосуз калган балдарды реабилитациялоо" борборунун тарбиялануучуларынын ортосунда болду.
Иш-чаранын максаты спорттук оюн аркылуу балдарга достук, теңдик, бирин-бири урматтоого үндөө болуп саналат. "Спорт аркылуу балдар бири-бири менен сүйлөшүүгө, толеранттуулук, ишеним көрсөтүүгө үйрөнүшөт. Ыктыярчылар балдар үйүнө барып, ушул сыяктуу чакан иш-чараларды өткөрүп турушат", - дейт уюштуруучулар.