"Супер-Инфо" гезити уюштурган "Супер сулуу-2016" сынагында "Ажарлуу сулуу" наамын жеӊген Айзада Абанбекова турмушка чыгат

2016-жылдын 9-декабрында Спорт Ордосунда "Супер-Инфо" гезити уюштурган "Супер сулуу-2016" сынагында "Ажарлуу сулуу-2016" наамын жеңген Айзада Абанбекова 15-апрелде турмушка чыгат.

Бул тууралуу Айзада Абанбекова: "Болочоктогу жолдошумду мурда сыртынан таанычумун. 3 жыл мурун ортого бирөөнү салып таанышуунун аракетин көргөндө "мамиле курууга азырынча жашмын" деп койгом. Ошондон бери көз салып байкап жүрүптүр. "Супер сулуу-2016" сынагына катышкандан кийин артымдан чуркаган жигиттер аябай көбөйүп кетти. Ошондо ал дароо "чабуулга" өттү десем болот. Менин тегерегимдеги бардык жигиттерди алыстатып салды. Турмушка чыгуу боюнча сунуш айтканда, "ага-карындаш болуп эле сүйлөшө берели” десем, "менин карындаштарым толтура, сүйлөшсөң мага турмушка чыга тургандай болуп сүйлөшөсүң, болбосо жок" деди. Кайра сунуш киргизгенде макулдугумду бердим. Ошончо сулуу, акылдуу, кыйын кыздарды таанып туруп мага үйлөнөм дегенин бааладым. “Чын эле жакшы көрөт экен” деп ушундай мырзаны колдон чыгаргым келген жок”, - дейт.

Белгилей кетсек, 2016-жылдын 9-декабрында Кожомкул атындагы Спорт ордосунда SUPER.KG порталынын 10 жылдыгына арналган концертте "Супер сулуу-2016" сынагында Бактыгүл Орозбаева жеңүүчү аталып, "Супер таажы" менен катар Бали аралына жолдомону утуп алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
cholpon119966
2017-04-12 14:00:26
Саламатсыздарбы админ, 2016-жылдын суперлери кимдер болду кай жактан корсом болот?
-3
admin_media
2017-04-12 16:04:02
cholpon119966,
Саламатсызбы! Шилтеме: http://www.super.kg/kabar/news/167183/
0
baltabai
2017-04-12 14:10:15
Baktyluu bolgula
0
Nazi_92
2017-04-12 14:18:07
Бактылуу бол Айзада красавица.)
0
solntse95
2017-04-12 14:57:43
Супер сулууга караганда жакшынакай экен. Бактылуу болсун...
+1
tyrgon
2017-04-12 15:26:57
бикини жокпу
0
meni_kut
2017-04-12 15:40:33
Кудрет актер бала го,миллиондук мелдештеги
-1
Patriot7
2017-04-12 15:50:14
Мен болгондо уйлонмок эмесмин, жарым жыналач эл астында чыгыш бийин бийлеп, трусы, бюстгалтерчен эл астына уялбай чыккан кызга... Бироо туура жазыптыр, уят ыймандын жарымы деп. Элибизде жарым жыналач кийинбеген, туну кочолоп, кафе-клубдарда журбогон, акылдуу, ыймандуу, намыстуу кыздарыбыз кобойсун ылайым.

Менин жеке оюмда жарым жыналач подиумга чыккан бир да кыз сулуу эмес. Сулуу деген атына заты жарашкан, ай чырайлуу келбеттуу, акылдуу, ыймандуу, тарбия коргон кыздар болот.
+12
Uson13
2017-04-12 21:13:42
Patriot7,менда ушуну айтайын дегем эл алдына эле эмес үй-бүлөдөгү эркектер да көргөн бул кыздын денесин атасы баш болуп
+2
pixduel1
2017-04-12 16:27:25
Ушул Кудурет эч жакпайт кай жакты карасын чыга калат))) мен ойлогом жанакыда мисс болгон кызга коз артканго деп)))
+1
alaika.kg
2017-04-12 16:44:38
pixduel1, ХХХ ХХХ Сага жагабы, жакпайбы, бирөө сурап жатабы? Держи свое мнение при себе! Эки жаш бактылуу болушсун!
-4
admin_media
2017-04-13 10:50:01
alaika.kg, жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар!
0
nari00
2017-04-12 20:20:27
Апасы суйунуп жатканго озу кабарласа. Тийеби .тийбейби элге баарыбир эмесби. Звезда сезип алганго озун.

+4
KIRA.
2017-04-12 22:15:01
ии менин окуучум эле,абдан жакшы кыз,кааларым бактылуу бол!
-1
wirin
2017-04-12 22:52:44
эмнеси болсода бактылуу болушсун
-1
Milana.
2017-04-12 23:35:14
бактылуу болушсун





бирок бул жанылык эмеско
0
Alibay
2017-04-13 14:45:22
Кызды НТС теги "Шербет шоуну"алып барган Элдос деген балага эле окшот берем...
0
admin_superstan
2017-04-13 15:22:13
Alibay, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болунуз. Эскертүү!
0
Fernando
2017-04-17 22:59:19
ichim kuiup jatat Kuduret dele bargo dep ozumdu alaksytchum elem... emi emi kim...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан