Кыргыз Республикасында 2013-2016-жылдар аралыгында 4 миңден ашуун бала багып алууга берилген. Анын 3 942син Кыргыз жарандары багып алышса, 66 баланы чет өлкөлүктөр асырап алышкан. Мындай маалымат вице-премьер-министр Чолпон Султанбекованын катышуусундагы Өкмөттүн алдындагы ювеналдык юстиция боюнча Ведомстволор аралык координациялык кеңештин жыйынында белгилүү болду. Бул тууралуу 12-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматы билдирген.
Жыйында Кыргыз мамлекетиндеги үй-бүлөлүк тарбия берүүнүн абалы жана аны өнүктүрүү, КРнын Өкмөтүнүн «2014-2018-жылдарга балдар интернаттарынын мекемелерин каржылоо жана башкармалыктарды оптимизациялоо» боюнча токтомунун аткарылышы, гейткипинг механизмин өздөштүрүүнүн алкагында интернат тибиндеги балдар мекемелерин реформалоо системи жана Кыргыз өлкөсүндөгү социалдык тейлөөлөрдү өнүктүрүүнүн Концепциясы тууралуу маселелер каралды.
Вице-премьер-министр жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды колдоо Өкмөт үчүн өлкөдө балдарды гармониялуу жана ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган негизги милдеттеринин бири экендигин билдирди. Ошондой эле аймактарга жумуш сапары менен барганда балдар интернаттарынын абалын жана ал жактагы чыныгы көйгөйлөрдү көргөнүн айтты.
"Балдарды кароо шарттары көңүл жылытарлык эмес, дээрлик бардык мекемелерде балдардын санын көбөйтүп жазган "өлүк жандар" системи бар. Мындан сырткары балдар интернаттарында тарбияланган 94 пайыз балдардын ата-энеси бар же бирөөсү бар, же туугандары бар балдар. Болгону 6 пайыз бала томолой жетимдер. Көпчүлүк учурда балдар үй-бүлөсүнүн аз камсыздыгынан балдар үйлөрүнө туш болушат", - деди ал.
Жыйындын соңунда Эмгек жана социалдык коргоо министрлигине 2017-жылдын 1-октябрына чейин республиканын аймактарында кабыл алуучу (фостердик) үй-бүлөлөрдүн түзүлүшүнө багытталган иштерди активдештирүү керектиги айтылды.
Мындан сырткары Өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүнө, шаар мэрлерине 2013-2018-жылдарга интернат тибиндеги балдар мекемелерин оптимизациялоо жана каржылоо боюнча планынын иш жүзүнө ашырылуусун камсыз кылуу жана башка бир катар тапшырмалары берилди.