Депутат Алмазбек Эргешов: "Учак кырсыгынан жабыркагандарды митингге чыгууга мажбурлабоо керек"

Өкмөт Боинг кырсыгынан жабыр тарткандардын үнүн угуп, көйгөйүн чечип берүүсү зарыл. Бул тууралуу 13-апрелде Жогорку Кеӊеште депутат Алмазбек Эргешов билдирди. Депутат учак кырсыгынан кийин ачылган өкмөттүк эсепке түшкөн акча боюнча элге туура эмес маалымат тарап жатканын айтат.

"Атайын эсепке келип түшкөн акчаны өкмөт банкка салып, айлантып жатат деп туура эмес маалымат айтылууда. Түркиядан келген акчанын суммасы канча экенин, кайсы жерде сакталып жатканын, кимдерге бериле тургандыгы тууралуу өкмөт жооп берип койсо жакшы болмок. Жакында жабыркагандар митингге чыгышты. Өкмөт бул боюнча атайын маалымат берип коюшу керек. Жабыркаган айылдын жашоочулары бизди көчүрсүн же айыл деген статус берсин деп жатышат. Мектеп, бала бакча, ФАП куруп берсе деп суранышууда. Элдин көйгөйүн чечүү зарыл, аларды көчөгө чыгууга мажбурлабоо керек", - деди Эргешов.

Эскерте кетсек, 16-январда таңга маал "Манас" аэропортуна жакын жердеги Аэрофлот дачалык тилкесине Боинг 747 учагы кулаган. Жүк ташуучу учак үйлөрдүн үстүнө түшүп, 39 адамдын өмүрүн алган. Кырсыкты Мамлекеттер аралык авиация комитети иликтөөдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан