КҮНСЕРЕП: Армия жоокерлерге курал колдонгонду үйрөтөбү?

Бүгүн, 13-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Кыргыз армиясына көлөкө түшүргөн дагы бир кайгылуу окуя орун алды: Ош облусунун Алай районунда мөөнөттүү кызматтагы жоокер каза болду. Расмий версия боюнча, курал колдонуудагы этиятсыздыктан улам жаракат алып, ооруканага жетпей көз жумган. Бирок аскер кызматкеринин өлүмүнө башка себеп болушу толук мүмкүн. Адаттагыдай, чыныгы себеп көз жаздымда калып кетиши ыктымал. Ушул сыяктуу көрүнүш Кыргыз армиясында алгачкы жолу болуп жаткан жок. Эң акыркысын эске салсак, үч ай мурун Ошто аскер кызматкери өзүн колго жана жанында турган жоокердин жамбашына атып алган. Аларга өз учурунда медициналык жардам көрсөтүлгөндүктөн бактыга жараша алардын өмүрүн сактап калышкан. Бул окуяга да "курал колдонуудагы этиятсыздык" деген баа берилип, окуя унутулуп кеткен. Дагы бир окуя: 2016-жылдын февралында Баткен облусундагы "Коргон" чек ара тозотунда келишимдик негизде иштеп жаткан аскер кызматкери октон жаракат алган. "Жоокер курал колдонуудагы этиятсыздык кылып, кокусунан ок чыгарган", - дешкен Чек ара кызматынан. Кыргыз армиясында аскер кызматкерлерине ок атуучу куралды карматып, аны туура колдонууга үйрөтүшпөйбү? Курал колдонууну билбеген аскерлер мекенди коргой алабы? Жогорку окуялар Кыргыздын куралдуу күчтөрү президент айткандай, кубаттуу күчкө айлана электигинен мекенди коргоо тармагына каражат жана көңүл жакшы бөлүнүп жатканы менен, сапатында өзгөрүү боло электигинен кабар берет...

Боинг кырсыгынан жабыр тарткандардын үнү Жогорку Кеңешке жетти. Мурдагы күнү Боинг учагы кулап түшкөн аймактын жашоочулары Ак үйдүн алдына митингге чыгышкан эле. Алар башка жакка көчүрүүнү же жашап жаткан аймагына айыл макамын берүүнү талап кылышкан. Митинг 3 сааттай созулуп, бир да депутат алар менен жолугушууга чыккан эмес. Өкмөт өкүлдөрү болсо митингчилерге "маселе каралып жатат" деп эле мурдагы сөздөрдү айтып кутулушкан. Бүгүнкү парламент жыйынында депутат Алмазбек Эргешов учак кырсыгынан кийин ачылган өкмөттүк эсепке түшкөн акча боюнча элге туура эмес маалымат тарап жатканын айтты. "Атайын эсепке келип түшкөн акчаны өкмөт банкка салып, айлантып жатат деп туура эмес маалымат айтылууда. Түркиядан келген акчанын суммасы канча экенин, кайсы жерде сакталып жатканын, кимдерге бериле тургандыгы тууралуу өкмөт жооп берип койсо жакшы болмок", - деди Эргешов. Бүгүнкү күнгө карата Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине түшкөн акчанын суммасы 100 миллион 490 миң сом экенин бул мекеменин басма сөз кызматынан маалымдашты. "Бул акчаны өкмөт банкка салып, айлантып жатат" деген сөздөрдүн коомчулук арасында кеңири жайылып парламентке чейин жеткенине өкмөт өзү күнөөлүү. Жабыркагандар менен тыгыз маалыматтык иш жүргүзүлбөгөндүктөн ар түрдүү имиштер пайда болуп жатат. Же өкмөт чын эле аталган сумманы убактылуу айлантууга берип койдубу? Бул суроого өкмөт так жооп бере элек...

2016-жылы 31-августта президент Алмазбек Атамбаев кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап жатып, 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн сынга алган эле. Ал убагы келгенде ар бири жооп бере турганын белгилеген. Президент өз сөзүндө: "Убактылуу өкмөттүн кээ бир мүчөлөрү эртеби-кечпи, тоноочулук үчүн, банктык уячалар үчүн дагы, Кадыржан Батыровду баш кылып сепаратисттерге болушкандыгы үчүн, аны качыргандыгы үчүн жана мыйзамсыз баюу максатында кызматтык абалдарынан пайдалангандыгы үчүн жооп беришет", - деген. Кийинчерээк, 21-октябрда Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлгөн. Анын төрагалыгына Анвар Артыков (КСДП) тандалган. Комиссия Бакиевдердин мурунку мүлктөрүнүн сатылышын, 2010-жылкы баш аламандыкта жоголгон мүлктөр, банк уячаларын талап-тоноо фактыларын, "Мегаком, “Бишкек мунай компаниясы” ишканасынын мүлкүн, “Кыргызтелеком" көзөмөлдөгөн интернет тарифтеринин негизсиз көтөрүлүшү, убагында Курманбек Бакиевдин тегерегиндеги адамдарга тиешелүү болгон "Мегаком", “Дастан”, "Азия универсал банкы", “Кыргыз көмүр” ишканасы жана убагында Кадыржан Батыровго тиешелүү болгон улутташтырылган мүлктөрдү сатуу иштерин текшерди.

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында комиссия 5 ай иштеп, кандай корутундуга келгендиктерин депутаттар менен коомчулукка тааныштырды. Талкуу убактысынын басымдуу бөлүгү 2010-жылдагы талап-тоноолорго арналды. Корутундуда "ата мекенчилер" Өмүрбек Текебаев, Райкан Төлөгөнов, Болот Шер, Туратбек Мадылбековдун 2010-жылы 7-9-апрелдеги талап-тоноолорго байланышы болгондугу тастыкталды" деп айтылды. Комиссиянын төрагасы Артыков "буга далилдер көп" деп кыскача жооп берди. Күтүлгөндөй эле комиссиянын корутундусунун үстүнөн талкуу узакка созулуп, комиссиянын төрагасы менен "Ата Мекен" фракциясынын ортосундагы кайым айтышуулары да орун алып жатты. Депутат Аида Салянова комиссиянын төрагасына кайрылып: "Бул корутундуну депутаттык комиссия эмес, башка орган жазып бердиби?" деп шектеп, корутундуну президенттик аппарат даярдаган болушу мүмкүн деп кыйытты. Анвар Артыков отчётту комиссия өзү даярдаганын айтып, тыянактар логикага жараша түзүлгөнүн баса белгиледи. Андан соң Аида Салянова: "Ата Мекен" партиясына тиешеси бар 3-4 органда иштеп жаткандар Бакиевдин мүлкүн алууга көмөк көрсөткөн деп жазып жатат. Мен эки эле суроо бердим. Кайсы мүлк жана кайсы даректеги мүлкү? Анвар Артыкович сурообузга жооп берген жок", - деп нааразы болду. Мурунку Юстиция министри, мурунку башкы прокурордун суроолоруна жөндүү жооп таба албай туталанган Анвар Артыков классикалык ыкманы колдонду. Башкача айтканда, чабуул менен өзүн коргоп кирди. "Сиздей адам болгондон Кудай сактасын! Аял киши болбосо башка нерсени айтат элем. Каалаганча иштедиң, каалаганча жедиң, дагы эмне керек сага?" - деп ызырынып, андан соң спикерге кайрылып, Салянованын оозун жабууну суранды. Кыргыздын тың чыкма кызынын "оозун жаптыруу" аракетин парламенттеги эркек депутаттар унчукпай карап, күзөтүп отурушуп, аягында сабырдуулукка чакырымыш болушту...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан