ЭЛДИК КАБАР: "Аксы районундагы Райкомол жана Кечүү айылдарында жер көчүү коркунучу жогору" дейт окурман

Аксы районунун Ак-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Райкомол айылында 40 түтүн азыркы учурда кооптуу жерде жашап жатканын окурман бүгүн, 13-апрелде SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Жаздын келиши менен тынымсыз жааган жамгырдан улам жер көчкүлөр болуп коркунуч жаратууда. Райкомол, Кечүү айылдарындагы 350 кожолуктун атынан район акими Масалбек Мырзамамытовго жана Жогорку Кеңештин депутаты Умбеталы Кыдыралиевге кат жолдогонбуз. Үнүбүз тийиштүү органдарга жетип, кооптуу жерлерде аттыруу иштери жүрөт деген үмүтүбүз бар. Эгер эң кооптуу делген жар көчсө, мектеп жабылат жана эки айылдын эли үчүн каттам токтойт", - деген окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aidani
2017-04-13 16:48:42
Аксы элим аман болгулачы баарынар алтындарым
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан