Кыргыз киносунун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн белгилүү кинорежиссёр Геннадий Базаров “Ак илбирс” Улуттук киносыйлыгына татыктуу болду. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда журналисттер менен жолугушуу учурунда “Кыргызфильм” киностудиясынын башкы директору Таалайбек Кулмендеев айтты. Ал эми сыйлыкты салтанаттуу тапшыруу аземи 15-майда өтөт. Ушул эле күнү “Ак илбирс” киносыйлыгына татыктуу болгон тасмалар да сыйланат.