КҮНСЕРЕП: Жолдогу коррупция кыргызды кырып бүтмөй болду

Бүгүн, 14-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Парламентте өлкөнүн расмий аталышын өзгөртүү сунушталды. Демилгени депутат Каныбек Иманалиев 13-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында айтты. Ал биздин мамлекеттин аталышы Орусияда “Киргизия”, “Киргизская Республика”, “Республика Кыргызстан” деп үч башкача жазылып жатканын айтып "минтип отурсак, бизди ким сыйламак эле" деп суроо салууда. Эл өкүлү мамлекеттин бир эле аталышы болушу керектигин баса белгиледи. Мурдагы элчи Кылычбек Султанов дагы мамлекетибиздин аталышын өзгөртүүнү сунуштап чыккан. Ал совет доорунан бери айтылып жүрүп көнүмүш болуп калган Кыргызстан аталышын англис тилдүү элдерде айтуу татаал экендигине да көңүл бөлүү керектигин билдирген эле. Бизге жат -СТАН деген мүчөнү колдонбой койгонубуз туура деген пикирин айтып "Казакстанда мамлекеттин атын латын тамгалары менен жазууда KAZAKHSTAN дегендин ордуна QAZAQELI деп атоо идеясы талкууланып жатканын угуп сүйүндүм. Латын арибинде KYRGYZSTAN деп колдонгонубуз менен, англис тилдүүлөр көбүнчө КЁРЖИСТАН дешип туура эмес окушат”, - деген. Чет өлкөлүктөр "Кыргызстанды" көп учурда адашып "Курдистан" деп түшүнөрү да белгилүү. Кыргыз мамлекети, Кыргыз жери, Кыргыз эли деп гана атоо бардык жагынан ыңгайлуу болмок. Коңшу өлкөлөр келечекти ойлоп көп каражатты жана убакытты талап кыларына карабай латын арибине өтүүнү пландап жатышат, жалпы дүйнөлүк өнүгүүдөн артта калбоо максатында англис тилине расмий макам берүү тууралуу ойлонушууда. Балким, бизге да мамлекеттин аталышын бир калыпка салуу, алфавит, тил өңдүү өнүгүү маселелерин ойлонууга убакыт келип жеткендир? Бийлик башындагылар саясат, бийликти кармап калуу деген маселелер менен катар бул өңдүү келечектин иштерине да көңүл бөлөр бекен?..

Өлкө аймагында адам өмүрүн алган жол кырсыктары көп катталып жатат. Үстүбүздөгү жылдын апрель айынын алгачкы эки жумасында эле унаа кырсыктарынан 16 адам мерт кетти. Мындан тышкары 18 адам ар түрдүү жаракаттарды алды. 2016-жылдагы статистика да жүрөк үшүн ала тургандай. Былтыр 5868 жол кырсыгы болгон. Анда 938 адам каза болуп, 892 киши жаракат алган. Жаш балдардын катышуусундагы кырсыктардын саны 1575ке жеткен. Маселе көп жылдардан бери чечилбей келе жатат. Бир нече ирет парламент жыйындарында көтөрүлүп, бирок жыйынтык чыкпай келет. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жыргалбек Калмаматов айдоочулук күбөлүк берип жаткан автомектептерди иретке келтирип, алардын материалдык базасын тактап чыгууну сунуш кылды. Вице-спикер Алтынай Өмүрбекова жол кырсыктарынын саны көбөйүп жатканын айтып, жалпы эле жол коопсуздугун камсыздоо, “Коопсуз шаар” долбоорунун жыйынтыктары эмне болуп жатканын сурады. “Керек болсо ИИМдин реформасы “Коопсуз шаар” долбоорунан башталат”, - деди Өмүрбекова. Жол кырсыктарынын санын азайтуу, коомдук коопсуздукту жакшыртуу максатында 2012-жылы “Коопсуз шаар” долбоору сунуш кылынган. Долбоорду ишке ашырууга ИИМ жооптуу болгон. Бирок иш тендер чырларынан ары жылбай токтоп калган. Өкмөт менен тендердик комиссия бири-бирин күнөөлөп жаткан мезгилде Тажикстан 2013-жылдын 31-октябрында “Коопсуз шаар” долбоорун ишке киргизген. Муну парламенттеги Укук тартип, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде февраль айындагы жыйынында депутаттар эске салышкан. Аида Салянова “Кыргыз Республикасында 5 жылдан бери ишке ашпай жаткан “Коопсуз шаар” долбоору Тажикстанда 7 айда ишке киргизилген" деп өкмөттүн ишине нааразычылык билдирген. Коомдогу тартип, укук бузуулар, коопсуздукту сактоо ИИМдин көзөмөлүндө. Бул тармакты реформалоо зарылчылыгы айтылып, улам жетекчилик алмашкан сайын жаңычылдыктар сунушталган болот, бирок бири да ийгиликтүү ишке ашып кеткен жок. Кылмыштуулук, жол кырсыктары, МАИ кызматкерлеринин паракорчулугу деле азайып кеткен жок. Учурдагы ИИМдин министри Улан Исраилов аталган кызматка сунушталганда “кооз сүйлөй албашы мүмкүн, бирок жакшы иштейт”, - деген мүнөздөмө берилген. Андан бери 5 ай өткөнүнө карабай эл өзүн коопсуз сезип кеткен жок. Улан Исраиловдун реформаларынан кабар жок...

Бишкекте бүгүн, 14-апрелде ЕАЭБдин алкагында аткарылган иштер боюнча саммит өттү. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы астында өткөн жыйынга Армения, Беларусь, Казакстан, Орусиянын президенттери катышышты. Саммиттин алкагында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн бейформал жолугушуусу өтүп, ага жогорудагы өлкө башчыларынан сырткары Тажикстандын президенти дагы катышты. ЕАЭБдин жыйынынын жүрүшүндө Армениянын президенти Серж Саргсян акыркы жылдары Армениянын ички дүң продукциясынын көлөмү өскөнүн, агрардык тармакта, экспорт жаатында жылыш бар экенин билдирди. Ал эми Казак президенти Нурсултан Назарбаев "экономикалык кризиске карабай ЕАЭБдеги мамлекеттер 2016-жылы экономикалык өсүш көрсөттү. Дагы бир маселе - ЕАЭБдеги өлкөлөр бири-бирибизге жардам беришибиз керек", - деди. Ошону менен бирге Казакстан чек ара көзөмөл өткөрүү бекетин оңдоп-түзөөгө 6 миллион доллар жардам бергенин Кыргыз президентинин эсине салды. Өз сөзүндө Алмазбек Атамбаев ЕАЭБдин алкагында Кыргыз мамлекети үчүн айыл чарбасын, кайра иштетүүнү, жеңил өнөр жайды өнүктүрүү боюнча ишти күчөтүү өзгөчө маанилүү экенин белгиледи. Ошондой эле ветеринардык, санитардык, фитосанитардык көзөмөлгө байланышкан ченемдерди ишке ашырууга колдоо көрсөткөнү үчүн Орусия менен Казакстандын жетекчилерине ыраазычылык айтты. Соода мүмкүнчүлүктөрүн толук кандуу пайдаланып, экспортту жогорулатуу үчүн Кыргыз мамлекети ЕАЭБге киргенге чейин фитосанитардык жана ветеринардык лаборатория куруусу керек эле. Лабораториялар ушул күнгө чейин курулган жок. Ажо жыйында сөзүн "Евразиялык экономикалык биримдик өлкөлөрү менен мамилелер – Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык саясатында приоритет болуп саналат. Биз өнөктөштөрүбүздү жандуу биргелешип иштөөгө чакырабыз", - деп жыйынтыктады. Деген менен Кыргыз мамлекетинде өндүрүлгөн азыктар биримдиктеги өлкөлөрдүн арасында атаандаштык жарата албай жатат. Дыйкандарга, фермерлерге, тигүүчүлөргө өндүрүштү өнүктүрүү үчүн берилиши керек болгон кредитти болсо Кыргыздын бир ууч байлары ич ара бөлүшүп алып, болгон байлыгын эселеп дагы өстүрүүгө жумшап жатышат. Кыргыз мамлекетинин ЕАЭБге киргендеги негизги жетишкендиги Орусияда кара жумушта иштеп жүргөн жүз миңдеген эмгек мигранттардын ар кандай шылтоонун негизинде мекенине куулбай кармалып туруу кепилдиги гана болуп жатат...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан