12-апрелде катуу шамалдан улам Бишкектин Жал кичи районундагы жаңы салынган үйдүн шыбагы кулап кеткенин колдонуучу "Элдик кабарга" билдирген. 9 кабаттуу үйдүн шыбагы унаанын үстүнө түшүп, унаа жараксыз абалга келген.
Үйдүн ичиндеги оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жаткан курулушчулар унаанын ээси үйдүн ээси менен өз алдынча "сүйлөшүп" алгандыгын айтышат. Үйдөгү батирлерге өткөн жылдан тартып жашоочулар көчүп келип жашай башташкан.
"Бул жаңы эле салынган үй, 2 бөлмөлүү батир сатып алып көчүп келгенбиз. Минтип шыбагы түшүп, баарыбызды чочулатып жатат. Бул убакыт өткөн сайын кандай абалда болот ким билет?" - дейт андагы жашоочу Гүлмира Исмаилова. Жашоочулардын арасында батирлерин кайра сатууну көздөгөндөр да бар.
"Дагы жакшы шыбак адамдын үстүнө түшкөн жок, Кудай чоң сактады. Азыркы курулуп жаткан "элиталык" делген үйлөр кооз көрүнөт, бирок абдан бат курулуп бүтөт. Мындай тез убакыттын ичинде сапаттуу үй куруу мүмкүн экенинен шегим бар", - деди бул райондун тургуну Борис Сорокин.
Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциясынын башкы инспектору Шараф Ачилдиев үйдү калыбына келтирүү жөнүндөгү бардык чаралар көрүлө турганын билдирди.
"Азыркы учурда үйдүн курулуш абалын текшерүү иштери жүрүп жатат. Нормаларга ылайыктоо тапшырмасы берилет. Эгер бул абал калыбына келтирилбесе, дагы нормалар бузулган учур кайталанса, үйдү курууга жана пайдаланууга берүүгө лицензия берген Мамлекеттик курулуш агенттигине лицензияны токтотуу сунушун жөнөтөбүз. Үйдү курган курулуш ишканасы менимче, "Омега строй" деп аталат", - дейт Шараф Ачилдиев.