Заргер дарыясынын деңгээли көтөрүлүп жолдун жээгин жей баштаган, жээкти бекемдөө иштерине №5-жол тейлөө ишканасынан 1 экскаватор, 1 самосвал, 1 жүктөгүч тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
"Өзгөн районунун Заргер айыл аймагында 13-апрелде жаап жаткан жаандын кесепетинен Заргер айылындагы Заргер дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, №5-жол тейлөө ишканасынын карамагындагы унаа жолдун жээгин жей баштаган. Унаа жол ачык. Бекемдөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматы.