SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кечелерге жигиттер кыздарды кармоо үчүн, кыздар карматуу үчүн барышабы?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Кечелерге кыздар эмне максатта барышчу билбейм, биз, жигиттер ойноп-күлгөндөн, бийлегенден сырткары кыздарды кармалап-сармалап, өбүшүү үчүн эле барчубуз. Ак бийге түшүп жатып, кээ бир кыздар жагып жатса да уялымыш болгону менен, кээ бир уяты жоктору бийге түшүп жатып сылап, мыжыгып койсоң жабышып алышчу эле".
"Эх, андай учурлар аябай көп болгон, кармап, өөп дегендей... Унчукпай карматкан кыздар да бар болчу. Биздин отуруштарда ар дайым жарык өчөт эле, анан өзүңдүн көңүлүңө жаккан кызды кучактап жатып алат элең, кармайсыңбы, өбүшөсүңбү боло берет. Кызыгы ошол отуруштарды кыздар уюштурат болчу".
"Жинсы шым кийип келген кыздар ыңгайсыз эле, кармаласаң анча сылык эмес же сезилбейт. Көйнөк же жукараак, мисалы, апапак сонун шым кийген кыздар болчу, сандарынан сылап, акырын эркелетсең көздөрү сүзүлүп болбой калчу. Бийге тартып, алкымынан жыттап, кулагына шыбырап койсоң даяр болчу".
"Мындай нерсе эркек аттуунун көпчүлүгүнүн башынан өтөт. Кыздарда деле болот, бирок айтышпайт, уялышат же ыймандуу болуп көрүнүшөт. Отуруш деген жакшы нерсе болмок беле, "жинди" болуп бийлеп келчү жер да. Тыртаңдап эркеги да, кызы да тайраңдап бийлеп, бири-биринин делебесин козгоп, дүүлүктүрүп жатышса, албетте, шайтан кошо жүрөт да андай жерде".
"Классташтардыкына кээде барбасам, көп отуруштарга деле барбайм. Менден балдар аябай коркушат, 5-6-класс же деги эле кичинекей чакта тийишкен балдарды мурдун канжалата сокчу элем. Иниме болушам деп улуу балдар менен да "разборка" болуп калды. Ошондуктан мага эч нерсе дей алышпайт. Бирок жогоруда жазылгандай жеңил ойлуу кыздар бар".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.