Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун акими болуп Улан Дөкөнбаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Улан Дөкөнбаев 1979-жылы аталган райондун Курбу айылында туулган. Ал 2013-2017-жылы Аңчылык департаментинин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Ушул жылдын февраль айынан тарта Ак-Суу районунун Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы болуп эмгектенип келген.
Буга чейин бул кызматты Жолдошбек Байсеитов аркалап келген.