Бүгүн, 14-апрелде Ош шаарынын борбордук аянтында атайын 8 техника Шаардык жолдор башкармалыгына берилди. Техникалардын ачкычтарын шаар мэри Айтмамат Кадырбаев тапшырганын мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Бул техникалар 2016-жылдын иш-планы боюнча сатып алынган. Алар Орусия, Корея, Япония, Швеция, Германиядан чыгарылган унаалар экенин белгилүү болду.
Алар :
1 жолдордун чуңкурларын жамоочу КДМ- 316 (Камаз 65115) унаасы;
1 жол таптоочу каток ДУ-84 унаасы;
1 жүк көтөрүүчү кран ISUZU-NQR-75R;
1 жүк ташуучу КамАЗ 6520-6014-29;
1 жер казуучу жана жүк жүктөөчү экскаватор VOLVO-BL61B;
1 Хундай Портер унаасы;
1 битум эритүүчү БД 1,5;
1 асфальт кескич.
Ош шаардык жолдор башкармалыгынын башчысы Арзыбек Жунусов жогорудагы айтылган техникаларды иштетүү үчүн тиешелүү адистер жумушка алынганын билдирди.
"Жолдордогу чуңкурларды жамоо иштерине жыл сайын 15-17 миллион сом каралса, жолдор башкармалыгынын өз күчү менен аткарылса, 10-12 миллион сом сарпталышы күтүлүүдө. Жолдорду шагылдоо иштерине жылына 5 миллион сом каралса, эми 3 миллион сом сарпталат.
Жолдордун элементтерин оңдоо, сырдоо, калыбына келтирүү иштерине жыл сайын 10 миллион сом каралса, жаңы техникалар менен 6 миллион сом сарпталышы күтүлөт. Үнөмдөлгөн акча каражаттын суммасы 4 миллион сом болууда. Мындан улам жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттын 25-30 пайызы үнөмдөлөт”, - деди Арзыбек Жунусов.