Кечээ, 13-апрелде Кытайда соттолгон эки Кыргыз жараны Кыргызга өткөрүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы соттолгон жарандарды өткөрүү тууралуу 2012-жылкы келишимге ылайык, Кытайда соттолуп, ал жакта узак мөөнөткө абакта жаза өтөп жаткан Ч.Ш. жана В.М. аттуу кыргыз жарандары мекенине кайтарылышты.
"Биздин жарандарды кайтаруу министрликтин, Башкы прокуратуранын жана Кытайдагы Кыргыз Республикасынын элчилигинин жардамы менен ишке ашты", - деп жазылат маалыматта.