СУПЕРСТАН: "Ата-эне тарбиясын көрбөй, таята, таене, тууган-уруктан тарбия көргөн бала келечекте өз ата-энесине боор бербей калат"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Балдардын таята, таененин колунда тарбияланышы туурабы?" деген тема талкууга алынган.

Темадагы автордун билдирүүсү: "Менин жээндерим биздин колдо тарбияланып келет. Алардын келечеги ойлондурат. Ата-энесине кийин боор беришеби? Улуусу 12, кичүүсү 6 жашта. Күн өткөн сайын аларды ойлоп убарамын. Бир жолу атайын уруш чыгарымыш болуп, ата-энесине берип жибердим эле, 15 күн араң чыдап, кайра бизге жиберишти. Өз балдарын багуудан баш тартуу эмне деген жорук, кандай болсо да өз баласы го? Азыр эмнегедир наристелер тай жагында көп жүрүшөт. Сиздердин көз карашыңыздарды билейин дедим эле. Кийин балдар эки ортодо калбайбы? Бул нерсе туура элеби?"

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Көз карашым түз эле, бирок ата-энеси кийин өкүнбөсө болгону".

"Адатта мындай балдар эрке чоңоюп калышат. Анткени таята, таенелери жакшы көрүп эркелетишсе, таякелери башка бирөөнүн баласы болгондуктан аларга катуу айта алышпайт. Ар ким өз баласын өзү тарбиялаганы жакшы деп эсептейм. Бирөөнүн баласын тарбиялоо кыйын".

"Ата-эне тарбиясын көрбөй, чоң ата, чоң эне, таята, таене, тууган-уруктан тарбия көргөн бала келечекте өз ата-энесине боор бербей калат. Жогоруда эрке өсүп калат деп айтылыптыр, бирок бардык эле таята, таенелер эркелетип, бапестеп тарбия бербейт. Тескери көрүнүштөр да болот, андай абалда балдардын психикасына доо кетип "менин эч кимге керегим жок" деген түшүнүктө өсүп боору таш болуп калуусу мүмкүн. Ар бир ата-эне өз баласын өздөрү тарбияласа деп ойлойм. Балага эң негизгиси ата-эненин мээрими жана тарбиясы зарыл".

"Албетте, бир мамлекетти башкаргандан бир баланы башкаруу кыйын. Сиз ата-энеси менен бир болсун деп балдарга туура багыт көрсөтүп жатасыз. Бирок ошол эле убакта жээндериңиз "бизди урушуп жатат" деп сизди жаман көрүп жатышат. Баары бир алар бала да, сиздин максатыңызды түшүнө алышпайт. Мындай кырдаалды көрүп эле жүрөбүз. Сиздин оюңузга түз көз караштамын".

"Мен тайларымдын тарбиясын алып чоңойгом. Таенем мени бирөөнүн баласы деп дайыма коргоп турар эле, азыркыга чейин баары жээним деп жакшы көрүп келишет. Кудайга шүгүр, жакшы тарбия берди деген ойдомун".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
barakcha
2017-04-16 19:11:31
Тууган уруктарга кимдин эле таштагысы келсин балдарын?Баардыгы айла жоктон,кор оокаттын айынан таштап атышат да.Копчулук мигранттардын балдары тайата,тайэне.чон ата чон энелеринин колунда тарбияланып келет.
+8
Bolunbo.kyrgyz
2017-04-16 19:18:32
Билбейм силерге кандай бирок мени тайатамдар остургон ушунчалык жакшы корушсо да оз атамдай болгон эмес бир нерсе жетишпегендей эле чонойдум бирок кудайга шугур аларга рахмат. Бирок чонойуп акыл кирген сайын баарыбир айылда чогу ойногондо кочодо башка адамдар корсо ар созду айтып кемсинтишет. Баарыбир терс таасири тийбей койбойт оз атасы карабай куйбой таштап кеткен баланын кимге кереги бар дегендей мамиле болот. Башка бироо учун сенин балан иттин баласы.
+6
Riokyrgyz
2017-04-16 22:57:17
Bolunbo.kyrgyz,экообуз 100 эмес 200% окшош экенбиз.мен да сендей акыбалдамын
0
Maika
2017-04-16 19:52:31
Байкем чон ата, чон энесиникинде чонойгон. Озунун бир туугандарын аябай жакшы корот, азыр эмнеге алып келип алган эмессиздер деп капа болот. Албетте, алар оз баласындай тарбиялаган, азыр уй-булолуу, балдарын эч кимге бербей озум тарбиялайм дейт. Ата-эне мээрими баарибир башка...
+1
daniel87
2017-04-16 20:25:25
Менин АПАМ(таенем)чонойткон ,Апам Барда эн Кароль мен элем!тагаларым урушмак тургай жаман соз суйлошкон эмес!Тарбияларынын узурун озум жакшы жактарын коруп жатам!Азырга чейин мени ото жакшы коруп козуму карап турушат
0
zhykyo
2017-04-16 20:38:18
Ой азыр баары эле мамасы мамасына балдарын таштап кетет бага бергиле деп озу иштейм деп анан чоноюп кол араага жарап калганда анан кайра алып кетишет мага жардам беришсин деп
0
Bek-Laden.80
2017-04-16 21:19:06
Мен чоң атамдын колунда чоңойдум.Менде андай түшүнүк жок.Менин балдарым азыр менин ата энемде чоңоюп жатат.Тарбиядан баары деп ойлоймун.
+1
elif
2017-04-16 21:36:12
Албетте,ата-эненин мээрими башка,чон эне тайенелер канчалык боорун берип суйсо деле балага андай сезилбейт,бул жерде кеп балада,баланын терезесинен карагыла☝
0
Ni9z96
2017-04-16 23:22:36
Бирөөнүн баласына эч ким күйбөйт таята-таэнен күйгөнү менен биздин женелер жаман көрөт баары бир өзүндүн ата-энендин мээримине эч нерсе жетпейт.
0
Eli75
2017-04-17 00:06:31
Теманын аталышына каршы пикир айтсам. Мен да таене, таятамдын колунда чоңойгом.Алардын азыр көзү жок, бирок күн сайын аларга ыраазычылыгымды билдирем. Азыр Кудайга шүгүр, атам, апамдын орду өзгөчө, алардын ыраазычылыгын алып жашаганга умтулам. Себеби, алар менин бейишим.
+1
toolos1982
2017-04-17 02:08:24
Баланы озунун ата энеси бакканга жетпейт негизи.Бирок бизде копчулук адамдар турмуштун айынан талаалап таштаганга туура келип жатат.Баланы таштасан мээрими анча болбой калат ата энеге.
0
solntse95
2017-04-17 02:50:59
Менин кызымды кайнатам биз багабыз, силерге бербейбиз, керек болсо чачын жыл сайын кырып турам менин кызымбы озум билем дейт,анткен сайын менин жиним келет. Ичимден озум эле карайм буюрса деп коюп журом. Бир жолу кайынэжемдин 2 жашар баласы шоктонсо алып туруп ыргыта тепкен, аны коргон жаным эч эле карматкым келбейт...
0
Kroxa
2017-04-17 08:16:12
Негизи ата энеден алыс чонойгондордун баары эмес бирок боор бербей калгандар бар..бирок менин кайнатамдар союз маалында 6 баласын интернатка тапшырып койуп мал багып сыртта жашашчу экен,жолдошум улуусу болуп баарын козомолдоп бири бирин карашчу экен,3 ай жайкы каникулда чогуу болчу экен ал убакта 8 класска чейин андан кийин деле ар ким оз алдынча кетти бирок ата энеси балдары учун баары бир бийик..мээрим корбосо деле баары куйумдуу...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан