Бүгүн, 14-апрелде саат 18:30дарда Бишкектеги "Манас" аэропортуна Оштон учуп келе жаткан учак коно албай, кайрадан Ошко кайтты. Себеби ошол эле убакта бүгүнкү Бишкекте өткөн Евразиялык экономикалык биримдиктин Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынына катышкан президенттеринин учактары аталган аэропорттон учмак.
"Президенттердин учактары уча турган маалда аэропорт жабылган. Мындан улам Оштон келе жаткан учак артка кайтууга мажбур болгон. Учак Оштон экинчи ирет келип конду. Ал учак Бишкекке бет алгандан кийин президенттер учары белгилүү болсо керек. Учурда бардык каттамдар кадимкидей аткарылып жатат", - дешти аэропорттун басма сөз кызматынан.
Эскерте кетсек, Бишкектеги аталган кеңештин жыйынына Кыргыз мамлекети, Орусия, Беларусь, Армения, Казакстандын президенттери катышты.