Ысык-Көл, Чүй, Нарын облустарында суу деңгээлинин көтөрүлүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
"Өлкөнүн түштүк тарабында нөшөрлүү жамгыр токтоп, түндүк тарапка өттү. Синоптиктердин берген маалыматы боюнча, Ысык-Көл, Чүй, Нарын облустарында суунун деңгээли көтөрүлөт", - деп айтылат министрликтин маалыматында.
Белгилей кетсек, акыркы күндөрү жааган жамгырдын айынан өлкөнүн түштүк облустарында дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүп, жээктен чыгып, айрым жолдордун жээгин жеп кеткен.