Ош шаарында FIFA'нын каржылоосу менен өткөн жылы курулуш иштери башталган футбол академиясынын курулушу 80 пайызга аяктады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Шаардын башчысы Айтмамат Кадырбаев курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
“Футбол академиясынын курулушу аяктап жатат. Учурда 80 пайызы бүттү. Келечекте Кыргыздын мыкты футболчулары чыгат деген ишеним чоң”, - деди Айтмамат Кадырбаев.
Футбол академиясына мэрия тарабынан 4 гектар жер аянты бөлүнүп, FIFA'нын каржылоосу менен курулуш иштери жүрүп жатат. ФФКРдин өкүлү Тимур Абдыллаевдин айтымында, академияда бардык стандарттарга жооп берген төрт кичине жана эки чоң футболдук аянт бар. Футболдук академияда 60тан ашуун футболчуну тарбиялоого мүмкүнчүлүк түзүлгөнү маалым болду.
"Учурда эки кичине футбол аянтчасы толугу менен бүтүп, администрация имаратынын айрым жерлери калган. Академия үстүбүздөгү жылдын жай айларында колдонууга берилет", - деп жазылат маалыматта.