Бишкек шаарында ишембилик өттү

Бүгүн, 15-апрелде Бишкек шаары боюнча ишембилик өттү. Э.Гареев атындагы ботаникалык бактагы ишембиликке мэр Албек Ибраимов, спикер Чыныбай Турсунбеков, Бишкек шаарынын вице-мэрлери, президенттин аппарат башчысы Сапар Исаков жана аппараттын, Жогорку Кеңештин, шаардык башкармалыктын кызматкерлери катышышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Ишембилик шаардын санитардык абалын жакшыртуу, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, ирригациялык тутумдарды тазалоо үчүн уюштурулган.

"Ага шаарда жайгашкан бардык мекемелердин, уюмдардын кызматкерлери жана көп кабаттуу үйлөрдө жашаган шаар тургундары тартылууда. Өзгөчө көңүл ирригациялык тутумдарды тазалоого бурулат. Мекеме жана уюмдар тазалоочу тилкелер муниципалдык администрация тарабынан аныкталат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан